КР ЭМ алдындагы “Бирдиктүү терезе” МИде ата мекендик иш каналардын керектөөлөрүн табуу боюнча суроо барагы иштелип чыкты.

Новости
06-Август 2014-ж.
2257

2014-жылдын 27-январындагы №55 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомун ишке ашырууга байланыштуу «тышкы соода чөйрөсүндөгү Бирдиктүү терезе» Мамлекеттик иш канасы жана Эл аралык соода борбору (ITC) менен биргелешип «Кыргыз Республикасында сооданы өнүктүрүү программасынын» алкагында ата мекендик ишканалардын экспортун жүзөгө ашырууда керектөөлөрүн табуу боюнча суроо барагы иштелип чыкты, алар төмөндөгү маанилүү секторлорго багытталган: эт, сүт, бөтөлкөгө куюлган суу, кийим кече жана жер жемиш продукциялар.

Суроо барагын толтурууну каалаган катышуучулар аны толтуруп (жүктөп алуу) жана биздин электрондук дарегибизге жиберсеңиздер болот: a.ismailova@trade.kg жана j.omarkulova@trade.kg

Чогултулган маалыматтар экспорттоочулар тарабынан керектелген кызматтарын, тейлөөлөрүн жана базардын сунуштарын аныктоого (тажрыбайлуу, ошондой эле потенциалдуу) жардам берет, ал тышкы сооданы илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө түрткү болот.

Толтурулган суроо барагын алгандан кийин, биз маалыматты тактоо үчүн сиздер менен байланышабыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу