ЭЭА потенциалын жогорулатуу чөйрөсүндө иштер башталды.

Новости
05-Июнь 2014-ж.
2352
""

Эркин экономикалык аймакта (ЭЭА) өндүрүш, соода жана башка ишмердүүлүк иштеринин социалдык-экономикалык өсүшүн өнүктүрүү жана 11.01.2014-жылы КРЭЭА жөнүндө” жаңы мыйзамынын кабыл алышына байланыштуу ЭЭАнин ишине тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды шайкеш келтирүү, мындан сырткары ЭЭАнин иштөөсү тууралуу көйгөйлүү маселелерин талкуулоо максатында үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда министрликтин Чоң залында, экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин төрагалыгы алдында жумушчу жолугушуу болуп өттү, бул жолугушуу USAID REFORMA программасынын колдоосу менен КР Экономика министрлиги жана Бишкек ишкер клубу тарабынан уюштурулду.

Отурум, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, эл аралык финансы институттардын, бизнес-ассоциациялардын жана эркин экономикалык аймактын инвесторлорунун катышуусунда болуп өттү.

Бул жолугушуунун максаты болуп ЭЭАнин өнүгүүсүндөгү жолтоолорду аныктоого ар тараптуу амалдарды иштеп чыгуу жана аларды жок кылуу боюнча чараларды сунуш кылуу, мындан сырткары ЭЭАнын ишиндеги кандайдыр бир коррупциялык түзүмдөрдү жоготуу саналат.

Мамлекеттик органдардын жана ЭЭАнын субъектилеринин өкүлдөрүнүн ортосунда натыйжалуу диалог болду, анткени ЭЭАнын өндүрүштүк потенциалынын өнүгүүсү мамлекет үчүн маанилүү түзүмү болуп саналат.

КР Экономика министрлигинин 20.02.2012-жылы КР Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген жобосуна ылайык Экономика министрлиги мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет, ал ЭЭАнын ишинин саясатын жүргүзөт жана ЭЭАнын потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди ар дайым ишке ашырып, ЭЭАнын башкы дирекцияларынын ишинин тунуктугун карайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу