Экономика министри Т. Сариев КР ББга кирүү процесси боюнча Ысык – Көл облусунда презентация жасады.

Новости
13-Июнь 2014-ж.
2562
""2014-жылдын 14-июнунда экономика министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу тобу Ысык-Көл облусунда түшүндүрмө иштерин жүргүзүп жатат. Максаттуу топтун катышуучулары: тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев, айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Зууракан Каденова жана мамлекеттик бажы кызматынын мүдүрүнүн орун басары Женишбек Исаков.

Кара-Ой айылынын Маданият үйүндөгү облустук администрациянын башчылары, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана калк менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков чыгып сүйлөдү.
Андан соң, экономика министри Т.Сариев Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүдөгү Жол картасында каралган иш чаралардын экономикалык жана саясаттык аспектилери жөнүндө маалымдады.

Министрдин сөзү боюнча, Евразия мейкиндигиндеги интеграция процесси өзүнүн тарыхын 90-жылдарда баштаган. 1995-жылдын январь айында Россия, Казакстан жана Беларусия Бажы биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюшкан. Кыргызстан бул келишимге 1996-жылдын 29-мартында кошулган.
Биздин өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирип жатып 1995- жана 1996-жылдардан бери Бажы биримдигинин макулдашууларында катышып жүргөндүгү жөнүндө БСУ мүчөлөрүн маалымдаган.

2000-жылдын октябрында Россия, Казакстан, Беларусия, Кыргызстан, Тажикстан мамлекеттери эл аралык уюмдардын статусунда Евразиялык экономикалык коомчулугун (ЕврАзЭК) түзүү тууралуу Келишимге кол коюшкан. Евразиялык экономикалык коомчулугунун (ЕврАзЭК) бирден бир багыты – Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү.

2007-жылдын 6-октябрында ЕврАзЭКтин Мамлекеттер аралык кеңеши мамлекеттер башчыларынын деңгээлинде Евразиялык экономикалык коомчулуктун алкагында Бажы биримдигинин укуктук базасын түзүү жөнүндө” чечим кабыл алынган. (БеларусияРеспубликасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын курамында). Ошону менен бирге Бажы биримдигинин Комиссиясы жөнүндө, бирдиктүү бажы аймагын жана Бажы биримдигин жана башкаларды түзүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган, кийинчерээк 2008-2009-жылдары «үчилтиктин» алкагында Бажы биримдигинин келишимдик базасын түзүүчү бир катар макулдашууларга кол коюлган.
Бажы биримдигин негизги макулдашуулары 2010-жылдын 1- январынан тартып күчүнө кире баштаган.

2011-жылдын 1-июлунан баштап Россия, Казакстан жана Беларусиячек араларында ички бажы контролу жокко чыгарылган жана сырткы чек арага которулган.
2011-жылдын 1-июлунан баштапКазакстан толугу менен Бажы биримдигинин тартиби менен иштей баштады.
Бажы биримдигинин Келишимдик-укуктук базасы 110дон ашык эл аралык келишимдерден турат.

2012-жылдын 1-январынан тартып Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин макулдашуулары күчүнө кирген (2014-жылдын май айындагы абалы боюнча – 18 макулдашуу).
2014-жылдын 29-майында ББ өлкөлөрү тарабынан2015-жылдын 1-январынан тартып иштей башташы керек болгон Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Бажы биримдиги өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү
Бажы биримдиги мамлекеттери – биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп эсептелет. 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы 140тан ашык мамлекет менен соода жүргүзүүнү жүзөгө ашырган. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ББ өлкөлөрүнүн салыштырма салмагы 40,7% түздү,анын ичинен экспортто– 27,8% (алтынды кошкондо),ал эми алтындан тышкары эсептесек экспорттун 44 % (алтынды эсептебегенде) жана импорттун 27,1% түзгөн. Кыргыз Республикасынын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмакты ээлеген Россия Федерациясына – 27,1%, андан ары Казакстанга – 11,9% жана Беларусияга 1,6% туура келген.

Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнөн:
Россияга
36% жашылчалар жана жемиштер 
64,3% пахтабуласы
42% айнек 
28,5%эл. машиналар 
26% чыңалуу лампалары 
35%радиаторлор
Казакстанга
100% электр энергия 
83% сүт азыктары 
45% жашылчалар жана жемиштер 
73% тирүүлөй мал 
96% тигилген буюмдар 
52% айнек
Беларусияга
59%радиаторлор 
 
Кыргызстандын импортунун жалпы көлөмүнөн:
Россиядан 
98% нефть продуктылары 
28% кара, түстүү жана баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар 
22% химия өнөр жайы
Казакстандан
32% химиялык жана органикалык эмес заттар 
100% буудай жана көмүр 
79% минералдык сырье 
93% буудай уну 
71% тамеки буюмдары 
13% кант жана кондитер азыктары
Беларусиядан
35% кант 
22% резинадан жасалган буюмдар 
8% транспорт каражаттары жана алардын запастык бөлүктөрү
Бажы биримдиги өлкөлөрүнөн импортко карата маселе биз үчүн маанилүүлүгү жогору бойдон калууда. Биз бул өлкөлөрдөн өзүбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү товарларды: күйүүчү-майлоочу майларды, данды, жыгач материалдарын, металлопрокаттарды алып жатабыз, ошондуктан экономика үчүн өтө олуттуу болуп стратегиялык товарларды алымдары жок алып кирүүнү жүзөгө ашыра алат.

Натыйжада, негизи алтынды экспорттоонун өсүшүнүн эсебинен боло турган ошол эле мезгилде экспорттун жалпы көлөмүнүн 14,8% өсүшүндө (2013-жылы – экспорттун жалпы түзүмүндө алтындын экспортунун үлүшү 36,5% түздү), 2013-жылы Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө Кыргызстандан экспорт 2010-жылга салыштырмалуу 21,5% төмөндөгөн (сүт азыктарын, эл. энергиясын, кийим жана пахта буласын экспорттоонун эсебинен). Алтын кошпогондогу экспорт 17,5% өскөн.
Реэкспорттун көлөмү дагы кыскарууда. Бажы статистикасынын маалыматтары боюнча адатта Дордой жана Кара-Суу базарларына алып келинүүчү жүктөрдү импорттоо төмөндөөдө.

Ошентип, Кытайдан эл керектөөчү товарлардын импорту 2012-жылы 401,9 миң тоннаны, ал эми 2013-жылы – 329,9 миң тоннаны түзгөн, бул мурунку жылдан 22% аз.
Акыркы айларда абал начарлоодо. Соода кызматкерлеринин ассоциациясынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын декабрынан апрелине чейин Дордой базарындагы сооданын көлөмү кескин төмөндөгөн (3-4 эсе), азыр базарга күнүнө товары менен 50дөн ашуун жүк ташуучу машина келүүдө, мурунку жылдарда базар күнүнө товары менен 150-200дөй машинаны кабыл алчу.

Жогоруда келтирилген фактылар Кыргыз Республикасынын экономикасынын Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон байланыштын тыгыз экендигин маалымдайт. Ошол эле мезгилде Бажы биримдигинин чек араларынын кесилишиндеги чектөөлөрдөн экспорттун төмөндөшүнүн терс тенденциялары байкалган.
Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу же кошулбоо боюнча маселелердин бардык тобокелдиктерин изилдеп чыкты.
Бажы биримдигине кошулбаган учурдагы тобокелдиктер
Өнөктөш-өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарынын начарлоолору биздин республикабыздын экономикасы үчүн аябай таасирдүү болуп саналат.

Бажы биримдигине кошулбоо боюнча чечим кабыл алуу көптөгөн терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн:
· Реэкспортту андан-ары жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигинен Кытай менен болгон тышкы соода көлөмүнүн кыскарышы(Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына келген импорттун 80% реэкспорт катары Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө кеткен); 
· Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн натыйжасы катары ишкер адамдар сатуу рыногун, жана көп жылдардан бери түзүлгөн соода байланыштарын жоготот; ири дүң базарларында жана челноктук соода менен алектенген ишкерлердин жумушсуздугу көбөйөт;
· Кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө финансылык абал начарлайт. Фирмалардын банкротко учурашы өсөт.
· Салыктык төлөмдөрүнүн азайышынан бюджеттин тартыштыгы көбөйөт;
· Тарифтик эмес тоскоолдуктардын бардык болгон түрлөрүн, анын ичинде бажылык текшерүүнү колдонууну катаалдыгынын натыйжасында, айыл-чарба продукцияларын жана сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салынат;
· Экспортёрлордун чыгымдары өсөт, ал эми кээ бир учурда экспортко товар жөнөтүү таптакыр мүмкүн эмес болуп калат;
· Экспортко багытталган экономикалык секторлордун продукцияларынын чыгарылыш көлөмү төмөндөйт (айыл чарба, кийим тигүү жана сүт жаатында);
· Экономикалык өсүш темпинин олуттуу төмөндөшү;
· Калктын миграциясы кыйла өсөт.
· 1600 миң тоннадан ашыккөлөмдү түзгөн Россия Федерациясынан келген күйүүчү-майлоочу майларды алымсыз берүү токтотулат.
Маалымдама: Азыркы учурда Россия Федерациясына кеткен дизель майына болгон экспорттук алымдар тоннасына 244,4 долларды, бензиндин тоннасына АКШнын 338,4 долларын түзөт.
Ошондуктан бүгүнкү күндүн чындыгы биздин экономиканын евразиялык интерграциялык биримдикке кирүү керектигин айгинелеп турат. 
Ал эми Бажы биримдигине кирүүдө кандай пайдалуу жактар күтүлүүдө?
· Биринчи иретте бажы чек арасы жок соода шарттарынын ыңгайлуулугу:
- чек арада бажы документтерин тариздөө болбойт, 
- мүмкүн болгон учурда гана тышкы соода жүргүзүүнүн катышуучулары КНС (кошумча нарк салыгын) жана башка салыктарды төлөө үчүн салык органдарына документтерди тапшырышат. 
- продукциянын коопсуздугун тастыктаган документтер бирдиктүү болот жана аларга болгон талап да бирдей болот. 
· Бажы биримдигинин ички чек араларында бажы контролу жана бажы жыйымдарын алуу жана кээ бир формалдуу процесстер жоюлат, алар сырткы соода байланышта иштегендердин чыгымдарын азайтып, республиканын ири дүң базарларынын ыңгайлуу иштешине шарт түзөт. Ошентип, АӨБ (Азия өнүктүрүү банкы) жүргүзгөн изилдөөлөрдүн мониторингинин маалыматтары боюнча, бажы чек арасын жоюунун натыйжасында Россия менен Казакстандын ортосундагы чек арадан жүк ташыган машиналар 2011-жылда 7,7 саатта өтсө, 2012-жылы 2,9 саатта өтүү менен убакыттын чыгымдалышынын кескин кыскарышына көмөк көрсөтөт. 
· Кыргызстандагы инвестициялардын олуттуу өсүшү болжолдонууда, ири долбоорлор ишке ашырыла баштайт. Инвесторлор келет, жана булар Бажы биримдигинин өлкөлөрүнөн гана эмес, Кытай, Түркия, Корея жана башкалардан болот, анткени алар үчүн алымдарсыз жана тоскоолдуктарсыз ири рыноктун эшиги ачылат. Өнөктөш-өлкөлөрдүн көптөгөн потенциалдуу инвесторлору Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын күтүшүүдө; 
· Кыргызстан өзүнө агроөнөр жай комплексин, текстиль жана кийим тигүү индустриясы менен бирге көпчүлүк секторлордо өндүрүштүк бирдиктин ролун алат. Бул секторлор Бажы биримдиги кошулганда утат жана алардын атаандаштыгы жогорулап, сатуу рыноктору пайда болот; 
· Бажы биримдиги талаптарына ылайык Сыноо лабораторияларын модернизациялоо түздөн-түз биздин экспорттун Бажы биримдиги мамлекеттерине гана эмес, алыскы мамлекеттерге да көбөйүшүнө таасирин тийгизет. 
· Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) мүчөлүгү биздин жарандардын сырткы миграция менен байланышкан көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет, себеби Бажы биримдигинин мүчөлүгү бул Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуунун бир тепкичи болуп калмакчы. 
Маалымдама: Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчөлүккө кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзөт, алсак кызматка жөнөкөй тартипте орношуу, мигранттардын өзүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык шарттарды жакшыртуу ж.б.у.с.
· Республикага стратегиялык маанилүү багыттарда: гидроэнергетикада, нефть жана газ тармагында, турак жайда жана транспорттук инфраструктурада ири долбоорлорду ишке ашырууда өтө зарыл болгон нефть продуктыларын, жыгач материалдарын, металлопрокат ж.б. ушул сыяктуу товарларды алымы жок алып келүүгө мүмкүндүк түзүлөт. 

Албетте, Бажы биримдигине кошулуу бардык көйгөйлөрдү автоматтык түрдө чечет дегенден алыс болуш керек, тоскоолдуктарды азайтуу үчүн чече турган бир катар кыйынчылыктар да болот.
Терс кесепеттерге төмөндөгүлөрдү кошсо болот:
1) Биз үчүнчү өлкөлөрдөн (Алыскы чет мамлекеттерден) импорттогон, товарлардын белгилүү түрлөрүнө болгон баалардын өсүшү
· Биз Бажы биримдиги жана КМШ өлкөлөрүнөн импорттогон товарлардын наркы жогорулабашы керек, тескерисинче, бажылык жана тарифтик эмес тоскоолдуктардын азайышынын жана өлкөлөрдүн ортосундагы товардык агымдардын өтүүсүн тездетүүнүн эсебинен баа төмөндөйт.
· Баа өсө турган болсо, күнүмдүк керектелүүчү товарларга эмес, башка товарларга жогорулашы мүмкүн.
2) Ошондой эле Кытайдан импорттоону кыскартуу, жана ошондой эле дүң соодадагы жумуштуулукту жана бюджетке келип түшүүлөрдү азайтуу.
· Импорт кыскарганына байланыштуу кирешенин кыскаруусу Бажы биримдиги Бирдиктүү бажы тарифине өткөндөгү бажы алымдарынын ставкасын жогорулатуу менен кандайдыр бир өлчөмдө компенсацияланат.
3) Биз экономикалык жагдайдын өнүгүүсүнүн бир нече варианттарын карап жатабыз жана талдоо көрсөткөндөй, ИДПнын өсүү темпи волатилдүү, б.а. өзгөрмөлүү болот. Бардыгы жүргүзүлүп жаткан ички экономикалык саясаттын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жараша ИДПнын өсүү темпинин төмөндөөсү сыяктуу эле, жогорулоосу дагы күтүлүүдө. Бардыгы ички экономикалык жана мамлекеттик башкаруу саясатынын жүргүзүлүшүнөн көз каранды.
Ошол эле мезгилде:
· -инвестициялардын агып келүүсүнүн;
· -жеңилдетилген «узак кредиттерди» пайдалануунун;
· -жабдуунун лизингинин;
· -кошумча жумуш орундарын түзүүнүн;
· -соода агымдарынын өсүшүнүн эсебинен экономиканы өнүктүрүүдө оң тенденциялар камсыздалат, биздин жарандардын жашоо деңгээлинин жана жыргалчылыгынын өсүшү болот.
Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүү процессинин хронологиясы
2012-жылдын апрелинде бул маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Жумушчу тобу түзүлгөн.
Бул мезгил аралыгында ЕЭКтин жумушчу тобунун Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуу маселеси боюнча 10 жыйыны болуп өткөн жана негизги маселе Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу болуп саналган.
2014-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Протоколдук чечим менен Жол картанын долбоору менен макул болгон.
Учурдагы жылдын 20-майында Парламенттик угуулар болуп өттү, кийинчерээк 2014-жылдын 23- жана 26-майында «Жол картанын» жана билдирүүнүн долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жана эл аралык иштер боюнча комитетинде, ошондой эле КСДП Фракциясында жактырылган.

29-майда Астана шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык кеңештин жыйыны болуп өттү, анын жүрүшүндө Жогорку Евразиялык Экономикалык кеңештин (Бажы биримдигинин мамлекет башчыларынын деңгээлинде) Чечими менен Жол картасы бекитилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жана Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн төрт мамлекет башчылары менен Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картасы» жөнүндө билдирүүгө кол коюлган.

Бул жыйындын жүрүшүндөКыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда евразиялык экономикалык интеграциялоо шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Тараптар бул билдирүү менен «жол картасын» ишке ашыруу киришишет, Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын экономикасын Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигинин шарттарында иштөөгө адаптациялоо процессинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине тастыкташат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу жана акырында Евразиялык экономикалык биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуу ниетин кубатташат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда евразиялык экономикалык интеграциялоо шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Бул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы 1 млрд. АКШ доллары капиталы менен эл аралык уюм формасында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондун түзүшүүдө, ал эки жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен түзүлөт.

Ошондой эле, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн 2 жылдын ичинде 200 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кайтарымсыз негизде каражаттарды берүүнү камсыздайт.
Бажы биримдигинин мамлекет башчыларынын евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюшу Евразиялык экономикалык долбоордун тарыхында ушул иш-чаранын маанилүү окуясы болуп саналды, ал болду, ал Бажы биримдигинин 2015-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоого тийиш.
Документтин негизине Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик укуктук базалары алынган, алардын колдонуудагы ченемдери оптимизацияланган, өркүндөтүлгөн жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине шайкеш келтирилген.
Үч мамлекет товарлардын, кызматтардын, капиталдардын эркин которуштуруусуна кепилдик берүү, экономиканын негизги тармактарында: энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбасында, транспортто макулдашылган саясатты жүргүзүү милдеттерди алышты.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасы иш-чаралардын кеңири, комплекстүү планы, маңызы боюнча бул Бажы биримдигине кошулуу боюнча аракеттердин алгоритми.
Жол картасына төмөнкүдөй негизги иш-чаралар киргизилген:
· мыйзамдарды Бажы биримдигинин макулдашуулары менен ылайык келтирүү;
· инфраструктуралык кайра өзгөртүү, модернизациялоо, өткөрмө пункттарды жана лабораторияларды жабдуу;
· ташып келүүчү бажы алымдарынын суммасын Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн механизмин иштеп чыгуу;
· кыргыз-казак чек арасында бажы контролун алып салуу;
· Бажы биримдигинин технологиялык регламенттеринин күчүнө киргенге чейинки өткөөл мезгилдерин аныктоо;
· ДСУ жана башкалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Жол картасы 10 бөлүктөн турат жана 181 пунктту камтыйт, алардын баардыгын аткарышыбыз керек. 90дон ашык ченемдик-укуктук актыларга (дээрлик 23 мыйзамдарга жана 69 ченемдик актыларга, нускамаларга, жоболорго ж.б.) өзгөртүүлөр киргизилиши керек, алар боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду өткөрүү зарыл болот, анан ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен дагы.

Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасы товарлардын келип чыгуу маселелерин жөнгө салат, бул бажылык башкаруу, тарифтик- тарифтик эмес жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык. Фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер.
Жумушчу күчтүн которушуу маселеси (эмгек миграциясы) Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин Макулдашуулары менен регламенттелет.

Жол картасын бекитүү Бажы биримдигине кошулуунун фактысы эмес, Бажы биримдигинин макулдашуулары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир түргө келтирүү үчүн жана инфраструктуралык кайра өзгөрүүлөргө багытталган иш-чаралар үчүн укуктук негиз гана болуп саналат.

Кыргыз Республикасы үчүн Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасынын күчүнө киришинин өтмө шарттарынын, ошондой эле жеңилдиктердин толук пакети Кыргыз Республиканын Бажы биримдигине кошулуусу жөнүндө келишимде бекитилет, ал республиканын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча негиз түзүүчү документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин милдеттүү жактыруусун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусун кошкондо, бардык ичк
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу