Токмок жана Кара–Балта шаарларында “Текшерүүлөр жөнүндө” мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго арналган семинар болуп өтөт.

Новости
26-Май 2014-ж.
2204
КР Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча IFC долбоорунун колдоосу менен мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери жана ишкерлер үчүн Токмок жана Кара-Балта шаарларында 2014-жылдын 29-30-майында бир нече семинарларды өткөрөт.

Бул семинарлар Текшерүүлөр жөнүндө” мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабардар кылууну жогорулатуу максатында өткөрүлөт. Анын ичинде тобокелдиктин чен өлчөмдөрүнүн негизинде текшерүү, текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү баракчаларын колдонуу, мындан сырткары текшерүүлөрдүн убактысын кыскартуу маселелери да бар.

Мындай семинарлар Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында 2014-жылдын 16-апрелинен 18-апрелге чейин өткөрүлгөн.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу