ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча (улуттук) мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отуруму жөнүндө

Новости
25-Май 2022-ж.
1754

2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдарынын (улуттук) жетекчилеринин кеңешинин 9-жыйыны болуп өттү. 


Жыйындын катышуучуларын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жетекчилерин КР Экономика жана коммерция министрлигинин атынан министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова куттуктады.


Ал белгилегендей, бүгүн Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.


Министрдин орун басары ошондой эле метрологияны стандартташтыруунун экономиканы жана жалпы коомду өнүктүрүү үчүн маанисин белгиледи.


Эл аралык тажрыйбаны талдоо көрсөткөндөй, эч бир мамлекет өз экономикасын жана башка өлкөлөр менен цивилизациялуу өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди стандартсыз кура албайт. Бул азыркы учурда өзгөчө маанилүү болуп саналат. Ал эми негизги максат – ЕАЭБдин ички рыногундагы чектөөлөрдү жоюу жана стандартташтыруу жаатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макулдашылган иш-аракеттерин өнүктүрүү, -деп министрдин орун басары баса белгиледи 


Жолугушуунун катышуучулары бир катар маселелерди талкуулашты, анын ичинде:

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын Тизмесин ишке ашырууну камсыз кылуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу;

- 2021-2022-жылдарга ЕАЭБдин ички рыногунда алып салууларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча иш-чаралар планынын («жол картасы») пункттарын ишке ашыруу;

- ЕАЭБде өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү;

- Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдарынын (улуттук) башчыларынын Кеңешинин жана КМШнын Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин стандартташтыруу тармагында кызматташуусун активдештирүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу