Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн аккредитациялоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 12-жыйыны болуп өттү

Новости
25-Май 2022-ж.
1810

2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кичи залында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аккредитациялоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 12-жыйыны болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө абийирсиз органдар тарабынан шайкештикти баалоо боюнча документтерди берүү, ЕАЭБ аймагында «коркунучтуу» продукциянын жүгүртүүгө жол бербөө, техникалык регламенттердин талаптарына жооп берген шайкештикти баалоодо «резиденция принцибинин» киргизилиши менен байланышкан негизги көйгөйлөр талкууланды.


Шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишинин натыйжалары үчүн кесиптик жоопкерчилигин камсыздандырууну белгилөө ыкмаларына көңүл бурулду.


Биримдиктин изилдөө (сыноо) жана өлчөө протоколдорунун бирдиктүү реестрин түзүүдө Россия Федералдык аккредитациялоо кызматынын ФСИСинде колдонулуучу маалыматтардын макулдашылган комплектинин форматын эске алуу талкууланган маселелердин бири болуп саналат.


Талкуунун жүрүшүндө ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко аккредитация шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенциясынын жана алардын ишинин натыйжаларынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун гаранты болуп саналат деп билдирди.


Ошондой эле, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы тапшырмаларын аткаруунун жыйынтыктарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү эрежелерди жана ыкмаларды шайкеш келтирүү максатында, жыйындын катышуучулары отчеттун долбоорунун форматы жана курамы боюнча аккредитациялоо боюнча аймактык уюмду түзүү маселесин иштеп чыгуу сунуштарды талкуулашты. 


Бул жыйынга катышкан делегациянын тизмеси тиркелет.


Маалымат катары:

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аккредитациялоо органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө жобого ылайык (2018-жылдын 14-айындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен бекитилген) 2022-жылы КР МЭК алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун Кеңеши түзүлгөн.

Кеңештин төрагасы – КАБдын директору Канатбек Жунушакунов.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредитациялоо органдарынын жетекчилери Кеңештин мүчөлөрү болуп саналат.

2022-жылдын башынан бери КАБ бекитилген күн тартибине ылайык, маселелерди талкуулоо менен Кеңештин 2 отурумун “онлайн” режиминде өткөрдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу