Министрдин орун басары В.Исаева ЕАЭБ ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын функцияларынын алкагында ЕЭК Техникалык жөнгө салуу министри В.Назаренко менен жолугушту

Новости
25-Май 2022-ж.
1661

2022-жылдын 25-майында КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Вероника Исаева Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко менен ЕАЭБ ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын функцияларынын алкагында жолугушту.


Жолугушууда министрдин орун басары В.Исаева белгилегендей, жалпы өлкөдө улуттук сапат инфраструктурасын техникалык жөнгө салуунун улуттук тутумун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулушу менен байланыштуу.


Азыркы учурда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүн жөнгө салуучу улуттук мыйзамдар жана ага тиешелүү улуттук сапат инфраструктурасынын башка компоненттери ЕАЭБ ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жыйындысы болуп саналат,- деди министрдин орун басары.


Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылдын . Бишкекте 26-27-майында өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун алкагында боло турган “Адамдардын жана бизнестин кызыкчылыгында техникалык жөнгө салуу” талкуу панелинин темаларын талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу