Экономика жана коммерция министрлигинде техникалык жөнгө салуунун учурдагы абалы боюнча тегерек стол өтүп жатат

Новости
25-Май 2022-ж.
1724

2022-жылдын 25-майында Евразия экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында тегерек стол өтүп жатат, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу министри ( ЕЭК) Виктор Назаренко, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова, ЕЭК өкүлдөрү, бизнес жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.


Бул тегерек столду ачып жатып, министрдин орун басары А.Үсөнбекова белгилегендей, өтүп жаткан Форум Биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары менен мүчө мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык куралы болуп саналат, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүү келечегин баалоо үчүн аянтча болуп эсептелет, интеграциялык  Биримдиктин алкагында бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жана анын мындан аркы иштешинин келечектүү багыттарын талкуулоого жол ачат.


Тегерек столдун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү учурдагы абал тууралуу актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүүсү жана өнүгүү багыттары, ЕАЭБ алкагында жалпы рынокту жөнгө салуунун актуалдуу аспектилери талкууланды. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, тышкы жана ички чакырыктарга каршы өлкөлөрдүн товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн техникалык жөнгө салуу органдарынын бизнес менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү маселелери да каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу