СМБ 2014-жылы Кыргызстандагы Сапат сыйлыгын алуу үчүн сынактын чен өлчөмдөрүн жана шарттарын түшүндүрдү.

Новости
13-Май 2014-ж.
2560
""Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги астындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунда Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгына арналган семинар болуп өттү. Анын негизги максаты болуп сынактын чен өлчөмдөрүн жана шарттарын түшүндүрүп, 2014-жылы КР Сапат сыйлыгын алуу үчүн сынакка катышууга уюмдарды тартуу саналат.

Семинарда саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш, коомдук тамактануу чөйрөлөрүнүн 60 ашык өкүлдөрү катышышты. Саламаттыкты сактоо уюмдары сынакка чоң кызыгуу арттырышып, анын өкүлдөрү бул семинарда активдүү катышышканын белгилей кетүү керек.

Сынакты кеңири жаюу максатында КР Сапат сыйлыгын тапшыруу боюнча кеңештин (мындан ары - кеңеш) Техникалык катчылыгы тарабынан республиканын төмөндө айтылган аймактарында семинарлар болуп өттү: Баткен ш., Ош ш., Кара-Балта ш.,Токмок ш. Мындан ары Талас (15-май) жана Нарын (22-май) шаарларында семинарларды өткөрүү пландалып жатат.

Кеңештин чечимине ылайык 2014-жылы сынак төмөндөгү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
1. Саламаттыкты сактоо (дарылоо-профилактика жүргүзүү, дартты аныктоо, стоматологиялык, фармацевтикалык мекемелер, ар кандай багыттагы медициналык лабораториялар, ж.б. саламаттыкты сактоо уюмдар);
2. Билим берүү (жогорку окуу жайлар, орто-атайын жана профессионалдык-техникалык мекемелер);
3. Курулуш (курулуш уюмдары, долбоордук институттар, курулуш продуктуларды жана материалдарды өндүрүүчүлөр);
4. Чекене соода жана коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү.
Бул сынакка катышуу үчүн табыштамалар 2014-жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынат, ал эми уюмдарды баалоо боюнча материал-отчетторду берүү 2014-жылдын 1-июлуна чейин болот.

2014-жылы Кыргызстандагы Сапат сыйлыгын алуу үчүн сынактын бардык суроолору боюнча КР ЭМ астындагы СМБнын КР Сапат сыйлыгын тапшыруу боюнча кеңешинин Техникалык катчылыгына кайрылыңыздар.

Дареги: 740040, Бишкек ш., Панфилов көч. 197, СМБ, Сапат менеджменти бөлүмү, 313 иш бөлмөсү, тел. +996 312 66-22-81, Факс+996 312 66-13-67, e-mail: nism@nism.gov.kg premia-quality@mail.ru. СМБ сайты www.nism.gov.kg
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу