Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы

Новости
20-Май 2022-ж.
1750

2022-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында видеоконференция байланышы аркылуу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.


Жыйынга КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


ЕЭК Кеңешинин отурумунун күн тартибине 30 маселе каралды.


Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү чечимдердин бири Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси болду (ТР CU 018/2011).


Киргизилген өзгөртүү Кыргыз Республикасына жаңы автомобиль өндүрүшүн ишке киргизүүдө 018/2011 ТР 35-пунктунда каралган типти бекитүү түрүндө транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун колдонууга мүмкүндүк берет. Бул эреже 2023-жылдын 31-декабрына чейин созулат.


Андан ары талкуунун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Кеңеши:

- календардык жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында сатылган тамеки буюмдарынын курамы жана алар чыгарган заттардын курамы жөнүндө отчеттун формасын бекитти. Отчеттун бекитилген формасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо органдарына тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөрдөн алардын курамы, тамекиге кошулган ингредиенттер, колдонулган тамеки эмес ингредиенттер, ошондой эле алар чыгарган заттар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет;

- Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Киргизилген өзгөртүүлөр медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынышы мүмкүн болгон учурларды кеңейтет.

Бул өзгөчө кырдаалдарда медициналык буюмдардын жүгүртүүсүн оптималдаштырууга, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин жок дегенде бирине карата экономикалык чектөө чараларын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Кабыл алынган чечим убактылуу;

- Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү фармакологиялык көзөмөл практикасынын эрежелеринин жаңы редакциясын бекитти. Эрежелердин жаңы редакциясында дары-дармек каражаттарынын коопсуздугунун спецификациясынын курамы дары-дармек каражаттарынын түрүнө жараша оптималдаштырылган, алар үчүн дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү жооптуу болгон фармакологиялык көзөмөл процесстери деталдуу көрсөтүлгөн жана өндүрүүчү менен ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет;

- дары-дармек каражаттарын медициналык колдонуу боюнча нускамага карата талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген (баракча). Анда адамдын кан плазмасын кайра иштетүүдөн алынган продукциянын коопсуздугу тууралуу эскертүүсү бар маалыматты камтышы каралууда. Биримдик өлкөлөрүнүн дары-дармек өндүрүүчүлөрүнүн кан препараттары менен вирустук агенттердин берилишине карата көрүлгөн коопсуздук чаралары жөнүндө атайын эскертүүлөрдү көрсөтүүгө бирдиктүү мамилеси көрсөтүлгөн.

Бул Биримдик өлкөлөрүндө дары-дармек каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрүнүн текстине жана мындай дары-дармек каражаттарына баракчага экспертиза жүргүзүүдө мүмкүн болгон айырмачылыктарды болтурбоого мүмкүндүк берет;


- ЕАЭБ менен эркин соода келишимин түзгөн өлкөлөрдөн ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документтик тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Убактылуу негизде тарифтик преференцияларды алуу үчүн товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттардын көчүрмөлөрүн колдонууга мүмкүн болот;

- ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык товарларга декларация берилгенге чейин чыгарууга декларацияланышы мүмкүн болгон товарлардын категорияларынын тизмеси кеңейтилди.


Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн кызыкчылыгын козгогон башка маселелер да каралды.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши ушул жылдын 21-22-июнунда Беларусь Республикасынын Брест шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алдыдагы отурумунун күн тартибинин долбоорун бекитти.


ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 10-июнда Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында түз форматта өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу