Кыргызстан менен Индонезия халал индустриясын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Новости
20-Май 2022-ж.
1629

2022-жылдын 20-майында Экономика жана коммерция министрлигинде “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков менен Индонезиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сунарио мырза менен жолугушту.


Жолугушууда Сунарио мырза Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борбору өз өлкөсүнө чоң салым кошконун белгиледи.


Кыргызстан экологиялык жактан таза продукцияларды жана кызматтарды колдонууга жана пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат, ошондой эле өлкө жана тургундар үчүн бул артыкчылыктуу милдеттерди чечүүдө эл аралык колдоого ишенет,-деп баса белгиледи элчи.


Өз кезегинде А.Кайырбеков борбордун ишмердүүлүгү халал индустриясын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын айтты.


Жалпысынан Тараптар Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырууну жана белгиленген маселелер боюнча кызматташууну улантууну ырасташты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу