Экономика жана коммерция министрлигинде Баткен облусун өнүктүрүү кеңешинин экинчи отуруму өтүүдө

Новости
19-Май 2022-ж.
1612

2022-жылдын 19-майында Экономика жана коммерциялык министрлигинде  Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин төрагалыгы алдында Баткен облусун өнүктүрүү кеңешинин экинчи отуруму өткөрүлдү.


Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, акимдер, шаарлардын мэрлери, Баткен районунун жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрү катышты.


Жыйындын жүрүшүндө “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык 2022-жылга республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 миллион сомду бөлүштүрүү планынын долбоору каралды.


Жыйындын катышуучулары Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каржылоого сунушталган ар бир долбоорду талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу