Министр Д.Амангелдиев Европадагы ири банктардын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттердин делегациялары менен жолугушууларды өткөрдү

Новости
11-Май 2022-ж.
1888

2022-жылдын 10-майында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) Башкаруучулар кеңешинин отуз биринчи жыйыны өтүп жаткан жерде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо жана ЕРӨБ вице-президенти Ален Пиллоу жана ЕРӨБ аймактык өкүлчүлүктөрүнүн бир катар жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Банктын учурдагы портфели жана Украинадагы жаңжалдын таасирине байланыштуу макроэкономикалык кырдаалдын маселелери, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери, ошондой эле энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Ошондой эле электрондук коммерция, темир жол инфраструктурасы, ирригация, кичи жана орто бизнести колдоо жана жашыл трансформация чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан тышкары, министр Д.Амангелдиев Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Томас Эстрос, Молдова Республикасынын делегациясынын башчысы, Экономика министри Сергиу Гайбу, ЕРӨБнын Монголия жана Борбордук Азиядагы инфраструктура боюнча директору Катерина Мирошник, ЕРӨБ Туруктуу инфраструктура тобу, Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча энергетика боюнча директору Аида Ситдикова менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Томас Эстрос менен жолугушууда биргелешкен долбоорлордун портфелин кеңейтүү маселелери жана Бишкекте Борбор Азиядагы банктын аймактык өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Түркиянын казына жана каржы министри Нуреддин Небати башында турган түрк делегациясы, Венгриянын каржы министри Михали Варга баштаган венгр делегациясы жана башка расмий делегация башчылары менен өзүнчө жолугушуулар пландаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу