Экономика жана соода министри Кыргызстан элин Конституция күнү менен куттуктады

Новости
05-Май 2022-ж.
1944

Урматтуу кыргызстандыктар,


КР Экономика жана коммерция министрлиги бүгүнкү Конституция күнү менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктайт!


Конституция биздин мекенибиздин көз карандысыздыгынын ишенимдүү кепилдиги.


Баш мыйзам биздин мамлекетибиздин демократиянын жана мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин укуктук жана саясий жактан ырастап, өлкөнүн өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү багытын аныктайт.


Конституциянын заманбап жоболору экономикалык кризистерди ийгиликтүү жеңип чыгууга жана ишенимдүү өнүгүүгө жардам берет.


Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдеген сатылбас баалуулуктарга таянып, эркин өнүккөн, адилеттүү мамлекетти куруп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз – адамдардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу.


Негизги мыйзам элибиздин биримдигин, адамдын ар-намысын жана ага кол тийбестикти камсыздап, басмырлоонун ар кандай түрүнө тыюу салган кубаттуу консолидациялоочу фактор катары иштейт.


Ар бир тамгасы эгемендүүлүктүн духуна сугарылган Конституцияны урматтоо элибиздин мекенчилдигинде жатат.


Кыргызстаныбыздын тумарындай болгон Конституциянын күнү куттуу болсун!



КР экономика жана

коммерция министри                                                                     Д. Амангельдиев                                                                                      


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу