Министр Д.Амангелдиев ардагерлерди, тыл эмгекчилерин жана республиканын бардык тургундарын Жеңиш күнү менен куттуктады

Новости
09-Май 2022-ж.
2011

Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз!


Описание: 💥Улуу Ата мекендик согуштун жана ооруктун урматтуу ардагерлери! Сиздердин Улуу жеңиштин 77 жылдыгы менен КР Экономика жана коммерция министрлигинин жамааты чын жүрөктөн куттуктайт!

Описание: 💥Бул күн согушта Ата мекендин эркиндигин, бүтүндүгүн коргогон баатыр аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, оорукта жан аябай эмгектенип жеңишке салым кошкон мекендештердин эрдигин жалпы эскерүү күнү.

Описание: 💥Алардын теңдешсиз эрдиги, каармандыгы гана Жер жүзүндө тынчтыктын болуусун камсыз кылып, кийинки муундардын тынчтык доордо жашоосуна алып келди. Мындай эрдик эч качан унутулбайт!

Описание: 💥Биз дагы жеңиш күнү тарыхтын ушул мезгилине өзгөчө маани берип, мындан ары да Мекенибиздин асманы ачык, келечеги жарык болушу канчалык кымбат экендигин сезебиз.

Описание: 💥Аталардын, чоң аталарыбыздын эрдигине баш ийип таазим кылабыз. Бүгүнкү тынчтык күндө жашап, иштеп жана балдардын шыңгыр күлкүсүн угуп жаткандыгыбыз үчүн аларга зор ыраазычылык билдиребиз!

Кыргызстаныбыздын асманы да мындан ары ачык болуп, тынчтыгыбыз түбөлүк болсун!Описание: 🤲




КР экономика жана коммерция министри                                  Д. Амангельдиев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу