Экономика министрлиги бизнес жүргүзүү чөйрөсүндө көйгөйлүү маселелерге талдоо жүргүзүү боюнча кеңири масштабдуу иш жүргүзүп жатат.

Новости
27-Апрель 2014-ж.
2329
2014-жылдын 11 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин кезексиз отурумунун Протоколун аткарууда, Экономика министрлиги бизнести жүргүзүүгө, коррупция менен күрөшүүгө, официалдуу эмес төлөмдөргө, салык салууларга, КР лицензиялоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерге талдоо жүргүзүү жана талкуулоо боюнча ишин баштады.

Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелер жөнүндө фактылар болсо төмөндөгү дарекке маалыматыңыздарды жөнөтүүңүздөрдү суранабыз: e-mail: nadzor_2012 @mail.ru тел.620535 кошумча (5057 Алтынай, 148 Кубат, 5040 Руслан). Биз сиздерден маалыматтарды кабыл алууга кубанычтабыз.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу