КР ЭКМ башчысы ЕИБ Миссиясы менен жолугушууда жашыл экономика тармагындагы долбоорлорго басым жасоо менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулады

Новости
29-Апрель 2022-ж.
2270

2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Адам Брун жетектеген Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) миссиясынын жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда тараптар жашыл экономика тармагындагы долбоорлорго басым жасоо менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулашты.


Банктын миссиясы жакынкы келечекте эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, Банктын шарттары дүйнөлүк рынокто эң атаандаштыкка жөндөмдүү жана жагымдуу.


Миссия ошондой эле Борбордук Азияда банктын аймактык өкүлчүлүгүн ачууга даяр экендигин билдирип, суу менен камсыздоо жана айыл чарба секторлорун кредиттөөнүн башталганын белгиледи.


Өз кезегинде министр Д.Амангелдиев Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле стратегиялык пландаштыруу, мамлекеттик финансы салык тармагында пландалган жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. 


Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле өлкө маанисиндеги долбоорлорду, атап айтканда, энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштар айтылды.


Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


Маалымат катары:

Европа инвестициялык банкы – Евробиримдик тарабынан түзүлгөн ири банк, жылдык кредит портфели 70 миллиард евро.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу