Эл аралык сооданы өнүктүрүү үчүн бажы кызматы менен бизнес-коомчулуктун кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды

Новости
27-Апрель 2022-ж.
2021

2022-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын МЭК алдындагы Сооданы жеңилдетүү катчылыгынын өкүлдөрү менен Башкы директордун орун басары Раймондс Зукулс, Латвиянын Мамлекеттик киреше кызматынын Бажы башкармалыгынын Бажы тариздөө методологиясы башкармалыгынын начальниги Ирена Ноцки жана BOMCA-10 программасынын өкүлү Рахатбек Боогачиев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү киргизүү жана эл аралык сооданы өнүктүрүү максатында бажы кызматы менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу