Министрдин орун басары В.Исаева Рязань облусунун губернатору Н.Любимов менен жолугушууда соода-инвестициялык, өнөр жай, фармацевтика, IT-чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Новости
26-Апрель 2022-ж.
1948

2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министринин орун басары Вероника Исаева менен Россия Федерациясынын Рязань облусунун губернатору Николай Любимовдун жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Рязань облусунун (Россия Федерациясы) соода-инвестициялык, өнөр жай, фармацевтика, IT секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Рязань компаниялары Кыргыз Республикасына металл иштетүү, машина куруу жана фармацевтика продукцияларын, өз өндүрүшүндөгү конвейердик линияларды жигердүү экспорттоого даяр экендиктерин билдиришти.


Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай кооперациясын уюштуруу келечектүү багыт болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.


Тактап айтканда, министрдин орун басары В.Исаева бизнести коргоо, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу, мыйзамдарды жакшыртуу жана тышкы жана ички режимдерди либералдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Ал ишкер чөйрөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.


Ошондой эле министрдин орун басары В.Исаева Рязань өндүрүшчүлөрүнүн (Бишкек ш., Байтик Баатыр көч. 17/2) 57 фирмасынын продукциялары жайгашкан көргөзмө залдын (көп тармактуу көргөзмө экспозициясы) ачылыш аземине катышты. Көргөзмө экспозициясында  500дөн ашык товарлардын жана иштеп чыгуулардын үлгүлөрү эки ай бою көрсөтүлөт.


Маалымат катары:

Россия Федерациясынын Рязань облусунун статистикасына ылайык, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Рязань облусу менен товар жүгүртүүсү 6,0 млн долларды түздү (экспорт – 93%, импорт – 7%), бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 25%га өскөн. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу