“КР Өкмөтү жана КР Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору ЖК 3 уктурумунда жактырылды.

Новости
03-Июнь 2014-ж.
2333

2014-жылдын 28-майында Жогорку Кеңештин үчүнчү уктурумунда Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору жактырылды.


Бул макулдашуу Экономика министрлиги тарабынан КР эң приоритеттүү социалдык-экономикалык секторун өнүктүрүүгө болгон жардамдын көлөмүн жогорулатуу жана бул жардамды Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы менен шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.


Бул макулдашуунун негизги максаты болуп эки мамлекеттин ортосунда кайтарымсыз жардам берүүнү алдыга жылдыруу жана ушуну менен бирге Корея жана Кыргыз тараптар менен макулдашылган кайтарымсыз жардам жөнүндө конкреттүү программаларды иш жүзүнө ашыруу саналат.


Макулдашуунун алкагында жардам кайтарымсыз негизде гана тартылат. Долбоорлорду ишке ашырууда КР Өкмөтү тарабынан каражат жумшалбайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу