Министр Т. Сариев Катардын мамлекеттик ири корпорацияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда КР инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Новости
02-Июнь 2014-ж.
2397

""2014-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Катар мамлекетинин Доха шаарында болгон иш сапарынын алкагында Катар Диар” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту, анда КР инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташуунун перспективдүү багыттары талкууланды. Ошону менен бирге либералдуу инвестициялык, салык режимдери жана Борбордук Азияда Кыргызстандын потенциялы белгиленди.


Катар Диар” компаниясынын өкүлдөрү курулуш долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар экенин билдирип, рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн кененирээк изилдөө максатында КР келүүгө даяр экенин айтып өтүштү.


Катар Диар” компаниясы мамлекеттик ири компания болуп саналат, ал дүйнөнүн 28 мамлекетинде 35 млрд АКШ долларынан ашык суммадагы долбоорлорду ишке ашырат. Бул компаниянын Борбордук Азияда иштөө тажрыйбасы бар. 2009-жылдан бери Тажикстандын Душанбе шаарында көп функционалдуу турак жай зонасынын курулуш долбоору ишке ашырылып жатат.


Мындан башка Министр Т. Сариевдин дагы бир жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туризм жана мейманкана чөйрөсүндөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн маселелери каралды.


Мындан тышкары КР Экономика министри Катардын Айлана-чөйрө министрлигинин лаборатория жана стандартташтыруу боюнча вице-министри менен жолугушту, анда Адал стандарттарын киргизүү жана КР сыноо лаборатроияларынын потенциалын бекемдөө боюнча маселелер талкууланды.


Катар тарап жолугушуунун жүрүшүндө адал продуктуларын, анын ичинде эт продуктусун тастыктоо жана стандартташтыруу боюнча консультация берүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң потенциялы бар экени белгиленди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу