Экономика министрлигинин кызматкерлери Кытайда болуп өткөн аймактык соода - экономикалык кызматташуу боюнча семинарга катышып келишти.

Новости
22-Апрель 2014-ж.
2439

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана аталган министрликтин алдындагы ведомстволук структуралардын кызматкерлери 25-марттан 14-апрелге чейин Кытай Эл Республикасы тарабынан уюштурулган аймактык соода–экономикалык кызматташуу боюнча семинарга катышып келишти.


Бул семинарга Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары Грузия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан мамлекеттеринен келген мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү да катышышты, алар аталган мамлекеттерде экономикалык саясатты өткөрүүгө жооптуу кызматчылар.


Семинардын жүрүшүндө бул мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү перспективалары, аймактык соода-экономикалык кызматташтык боюнча маселелер деталдуу каралды.


Кытай мамлекетинин статистика маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын курамындагы Синьцзян–Уйгур автономдук району менен болгон соода-экономиалык алакаларынын көлөмү боюнча Казахстандан кийинки экинчи орунда турат.


Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Кытай мамлекетинин соода-экономикалык чөйрөсүнө тиешелүү төмөндөгү багыттар боюнча лекциялар жана пикир алышуулар уюштурулду:

Кытай Эл Республикасы жөнүндө жалпы маалымат;

ЭКСПО Кытай-Евразия жөнүндө жалпы маалымат;

Өзгөчө райондор жана аларды түзүү жөнүндө жалпы маалымат;

Коммерциялык кызматташуу жана мамлекеттик коопсуздук;

Кытай мамлекетине кирүүдөгү карантия инспекциясы жана бул багыттагы тиешелүү нормалар;

Соода-экономикалык кызматташуунун перспективалары;

Эл-аралык соодадагы арбитраж тартиби;

Кытай бажысы жөнүндө жалпы маалымат;

Экономикалык жана технологиялык өнүгүү аймактардагы саясат жана режим.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кытай мамлекетиндеги транспорттук операциялардын жүргүзүлүшү боюнча кеңири маалымат берүү максатында Гуанджоу, Шэньчжен шаарларына тааныштыруу багытындагы атайын экскурсиялар уюштурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу