Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы

Новости
16-Апрель 2022-ж.
1695

2022-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.


Жыйынга министрдин орун басары Вероника Исаева жана КР Экономика жана коммерция министрлигинин башка өкүлдөрү катышты.


Кеңештин отурумунун күн тартибинде 49 маселе, анын ичинде маанилүү импорттук товарлардын кеңири ассортименти үчүн бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу нөлгө салуу маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында бул маселе Кеңеш тарабынан жактырылды. Ошентип, аталган чечим менен үч жүзгө жакын позиция боюнча демилгелер макулдашылды.


Белгилей кетсек, алымдарды нөлгө түшүрүү, атап айтканда, фармацевтикалык продукцияга, текстиль өнөр жайын колдонуу үчүн зарыл болгон товарларга, үрөнгө, жер семирткичтерге, электр жабдууларына, кагаздын жана картондун айрым түрлөрүнө жана башка буюмдарга таасирин тийгизет.


Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү чечимдердин бири болуп ак кантты жана чийки камыш кантты алымсыз ташып келүүгө 35 миң тонна өлчөмүндө кошумча квоталарды берүү маселеси болду.


Андан ары Комиссиянын ЕЭК Кеңеши Беларуска, Казакстанга, Кыргызстанга жана Россияга жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүү үчүн нарк нормаларын 1000 еврого чейин жана салмактык ченемдерди 31 кг чейин жогорулатты. Кеп коштоп жүрүүчү жана (же) коштолбогон багажды абадан башка транспорттун бардык түрлөрү менен ташып келүү же аны жөө алып жүрүү жөнүндө болуп жатат. Бул чечим кабыл алынганга чейин жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө пошлинасыз босого 500 евро жана 25 кг болгон.


ЕЭК Кеңеши өлкөлөр товарларды өз ара соодалоого чектөөлөрдү киргизгенде жана алып салганда ЕАЭБ мамлекеттери менен Комиссиянын өз ара аракеттенүү тартибин бекитти. Тартип мүчө мамлекеттердин ачык болжолдонуучу аракеттери аркылуу киргизилген чектөөлөрдүн терс кесепеттерин минималдаштырууга, аларды киргизүү мөөнөттөрүнүн зарылдыгын негиздөөгө, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарына жана бизнес-коомчулугуна маалымдоого мүмкүндүк берет.


Кеңештин мүчөлөрү товарлардын айрым категорияларын бажы төлөмдөрүн жана салыктарын төлөбөстөн убактылуу алып келүүнү эки жылга чейин көбөйтүүнү макулдашты. Мурда бул мөөнөт бир жыл болчу.


Алты айга чейинки мөөнөткө ташып келүү бажы алымдарын төлөөнү пайызсыз кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө боюнча жаңы негизде чечим кабыл алынды.


Кеңештин өзгөчө маанилүү чечими Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуу болду. Бул чечим камсыздандыруу кызматтары рыногун өнүктүрүүнү активдештирүүгө, жоготуулардын ордун толтуруу жана финансылык ресурстарды топтоо механизмин түзүүдө камсыздандыруунун социалдык-экономикалык ролун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин колдоо чарасы катары Евразия реестриндеги товарларды экспертизалоо актысынын колдонуу мөөнөтү бир жылга узартылды. Документ мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында товарлар чыгарылган өлкөнүн эрежелери боюнча комиссия тарабынан түзүлүүчү өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине товар жөнүндө маалыматты киргизүүгө милдеттүү.


Үстүбүздөгү жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилди

Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө башка маселелер, анын ичинде бизнестин кызыкчылыктарын козгогон маселелер каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу