Экономика жана коммерция министрлигинде Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү менен КР жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
15-Апрель 2022-ж.
1993

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын катышуусунда Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Тактап айтканда, Долбоордун командасынын алкагында – Борбордук Азиядагы консалтинг долбоорлору боюнча IFC программасынын координатору Тарик Шахович, Кыргыз Республикасынын жеке секторун өнүктүрүү боюнча IFC долбоорунун жетекчиси Сыйнат Арынова, бизнести жөнгө салуу боюнча адис Имелдин Радаслич, укуктук маселелер боюнча консультант Наталья Долинская жана Бизнес саясаты бөлүмүнүн кызматкерлери бул жолугушууга катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча министрлик менен IFC ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.


Долбоордун негизги максаты - чакан жана орто ишканалардын туруктуулугун жогорулатуу, COVID-19 кризисинен кийин туризм секторун калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле санариптик инфраструктурада чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу