КР улуттук лаборатория системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Новости
18-Март 2014-ж.
2581

Техникалык регламенттердин күчүнө кириши менен анын ичиндеги эл аралык нормалар, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушуна болгон даярдыктар эл аралык талаптарга жооп берген лабораторияларды ишке киргизүү тууралуу курч маселелер туулду.


Министрлик Кыргыз Республикасынын Улуттук лаборатория системасын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Жергиликтүү өнүктүрүү боюнча ЮСАИД долбоору менен биргеликте текстиль тигүү продукциясынын сыноо лабораторияларынын керектиги каралды, республиканын лаборатория системасын модернизациялоо боюнча планын ишке ашыруу үчүн донордук уюмдарды тартуу маселелери иштелип жатат.


Мындан тышкары, Кыргызстандагы айыл чарбаны өнүктүрүүнү колдоо боюнча JIKA программасынын алкагында азык түлүк продукциясын текшерүүгө адистештирилген Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборундагы (СМБ) сыноо лабораториялына баа берилди. Азыркы убакта СМБнун Бишкек, Каракол,Талас жана Джалал-Абад шаарларындагы сыноо лабораторияларын модернизациалоо үчүн техникалык жана гранттык жардам көрсөтүүгө долбоорлордун табыштамасы иштелип чыкты. Ал
Кыргызстандагы JIKA өкүлчүлүгү тарабынан жактырылып жана азыркы убакта Японияда каралып жатат. Бул багыт боюнча иштер улантылууда.


Аймактык корпоративтик тестирлөө борборлорун түзүү боюнча КР Саламаттык сактоо министирлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, СМБнын, Кыргыз аккредитациялоо борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме болуп өттү. Бул кеңешмеде республиканын лабораториялар базасын модернизациалоо боюнча, министирлик тарабынан көрсөтүлгөн презентацияны талкууга алышты. Долбоордо Бирдиктүү терезе принциби боюнча, аймактарда корпоративтик кең спектирдик тестирлөө борборлорун түзүү (ветеринардык, санитардык-эпидемиологиялык жана башка багыттар) пландалып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу