КАБда сыноо лабораторияларды жана тастыкташтыруу органдарды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин бирдиктүү отуруму болуп өттү.

Новости
18-Март 2014-ж.
2475

КР Экономика министрлигинин астындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунда (КАБ) сыноо лабораторияларды жана тастыкташтыруу органдарын аккредитациялоо боюнча техникалык коммитеттердин бирдиктүү отуруму болуп өттү. Отурумда аккредитация жол-жоболорун жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Анда аккредитациялоого табыштама берүү жол-жобосунда 15 документтин ичинен 5 документти алып салуу чечими кабыл алынды.


Техникалык комитеттердин мүчөлөрүнө чечим кабыл алуу боюнча аккредитациянын жол жоболорунан комиссияны түзүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу жөнүндө маселени изилдөө сунушталган, анткени көрсөтүлгөн жол жоболор ИСО 17011 эл аралык стандартында каралган эмес.


2006-жылдын 16-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын №795 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитация системасынын саясатын жана принциптерин кармоо үчүн жана иштеп чыгууда калыстыкты, адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө” жобонун негизинде өзүнүн ишин алып барган Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин 16 – отуруму болуп өттү.


Кеңешменин отурумунда КАБдын 2013-жылга карата ишинин отчету бекитилди жана Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешмесинин жетекчилиги шайланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу