Министр Д.Амангелдиев: Экономикалык моделди диверсификациялоо зарылдыгы жөнүндө

Новости
08-Апрель 2022-ж.
2398

2022-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында «Дүйнөлүк банк тобунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын келечектеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жеткиликтүү жана туруктуу энергияга трансформациялоо» Эл аралык энергетикалык форуму Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын, аткаруу органдарынын, өнүктүрүү, энергетикалык компаниялардын жана энергетика тармагында активдүү башка өнөктөштөрдүн, анын ичинде АӨБ, ЕРӨБ, АИИБ жана СЕКОнун өкүлдөрү, жеке өнөктөштөр жана инвесторлордун катышуусу менен өттү.


“Экономикалык жактан таза энергетикага карай” сессиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндама жасады.


Ал белгилегендей, дүйнөдөгү оор шарттарда жашыл экономиканы көп векторлуу өнүктүрүү, анын ичинде жашыл энергетика призмасы жана жеке сектордун катышуусу менен дагы зарыл болуп баратат.


Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүшүнүн татаал этабын баштан кечирип жатат. Көптөгөн энергия булактарынын жетишсиздигин жана кымбаттыгын эске алуу менен, салттуу булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактары көбүрөөк орун алууда.


Ошондой эле, жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоону кыскартуу боюнча дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен, экономиканы кайра ориентациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелердин ортосунда тең салмактуулукту түзүүгө тийиш болгон экономикалык моделди диверсификациялоо зарылчылыгы түзүлүүдө.


Мен «биз дагы бул моделге системалуу түрдө өтүп, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бирине, башкача айтканда, инклюзивдик жашыл экономиканы жана көмүртектүү газды кыскартууну жигердүү ишке ашырууга, анын ичинде жеке сектордун катышуусуна карай талыкпай иштешибиз керек деп эсептейм.


Бирок, өткөн жылдын күзүндө энергетикалык тез өтүүнүн натыйжасында Европадагы энергетикалык кризистин мисалы аз көмүртектүү өнүгүү максаттарына жетүү үчүн канчалык кылдаттык менен мамиле кылуу керек экендигинин айкын далили болгонун унутпашыбыз керек. Анткени, бул альтернативдик энергия булактарынын кризиси эмес, энергетикага өтүүнү пландаштыруу этабында кетирилген каталардын натыйжасы болгон.


Ошентип, экологиялык жактан таза энергетикалык системаларга өтүү бардык мүмкүн болгон терс кесепеттерди эске алуу менен акырындык менен ишке ашырылышы керек», - деп баса белгиледи министр.


Мындан тышкары, министр Д.Амангелдиев форумдун катышуучуларынын көңүлүн «жашыл» энергетиканын контурун калыптандыруу маселелерине, Экономика жана коммерция министрлиги өлкө «жашыл» экономиканы интеграциялоо саясатын кандайча жүргүзүп жатканына бурду.

“Жашыл” өнүгүүгө прогрессивдүү өтүүнүн 7 приоритеттүү секторунун бири (Кыргыз Республикасында “Жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасы) “жашыл” энергетика болуп саналат, аны өнүктүрүү экономикалык өсүштү стимулдайт.


Республиканын негизги отун-энергетикалык ресурстары болуп көмүр, газ, электр жана жылуулук энергиясы жана күйүүчү-майлоочу материалдар саналат.


Өлкөнүн энергетика системасы көз карандысыз, Борбордук Азиянын энергетика системасы менен параллелдүү иштейт жана жыл сайын 15 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат.


Ошол эле учурда экономиканын толук кандуу иштеши үчүн 6 миллиард кВт/саат электр энергиясы аздык кылат. Анын 3 млрд кВт саатын азыр импорттун эсебинен жаап жатабыз. Ал эми жаңы ишканаларды ачуу үчүн 3 млрд кВт саат керектелет.


Ошол эле учурда республикада энергетикалык ресурстардын эбегейсиз запастары жана кайра жаралуучу энергия булактарынын жогорку потенциалы бар, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат.


Гидротехникалык потенциал 150 млрд кВт/сааттан ашат, б.а. биз мүмкүн болгон потенциалдын 10% колдонобуз.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагы жылына орточо 4,64 млрд МВт/саат Күндөн радиациялык энергия алат. Айрыкча шамалдын энергетикалык активдүүлүгү 1 чарчы метрге 2 МВт/саатка чейин жеткен алыскы райондордо шамал энергетикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. 


Кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү экологияга азыраак зыян келтирүүдөн тышкары, көмүр жана газ импортун кыскартуу аркылуу өлкөнүн соодасын жана төлөм балансын жакшыртууга жардам берет.


Мамлекет башчысы Глазгодогу Климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитте сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна (нөлдүк эмиссия) жетишүүгө аракет кылат, ал эми ЭКБ CO2 көлөмүн азайтуунун локомотивине айланышы керек.


Ошондуктан, өлкө кыска жана орто мөөнөттүү келечекте өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия алып жүрүүчүлөргө эмес, электр энергиясына толугу менен өткөрүү үчүн чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап менен ишке ашырууну көздөп жатат.


Генерациянын басымдуу бөлүгүн ГЭСтер камсыздаарын эске алганда, энергетика тармагы климаттык процесстердин таасиринен өзгөрүп, дарыялардын агымына көз каранды бойдон калууда.


Ошондуктан, электр энергиясын өндүрүү боюнча белгиленген көрсөткүчтөргө бир гана гидроэнергетика жетишүү мүмкүн эмес, алардын пландарын күн, шамал, геотермалдык жана биогаз энергиясы сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүү аркылуу кеңейтүү зарыл, деди министр.

Министр Д.Амангелдиев кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулуктарын этап-этабы менен диверсификациялоо климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана колдо болгон жергиликтүү ресурстарга (күн, шамал жана башка региондук генерация) ылайык географиялык энергияны өндүрүүнү кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк бериши керектигин белгиледи.


Ошондой эле, маанилүү багыт энергияны керектөө жана энергияны үнөмдөө маселелери болуп саналат.


Кыргыз Республикасында 9800гө жакын коомдук имараттар бар, алардын 85-90%ы эски технологиялар жана стандарттар боюнча курулган жана аларда жылуулук жоготуулары жогору. Бул имараттар жылына болжол менен 8,5 ГВт/саат энергияны керектейт. Энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл чараларды ишке ашыруу шартында, теориялык жактан алганда, энергияны үнөмдөө жалпы энергия керектөөнүн 50-60%ын же жылына 5 ГВт саатты түзөт.


Бул маселелерди чечүү үчүн, жакшыртуу боюнча иш-чаралардын бүтүндөй комплекси кабыл алынышы керек:

энергетикалык саясат; энергия натыйжалуулугу; имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу; энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө калктын маалымдуулугу.

Башкача айтканда, бул багыттарды уюштуруу, стратегия, методология жана мамлекеттик колдоо маселеси.


Министрдин айтымында, энергияны үнөмдөө негизинен тийиштүү технологиялык чечимдерди киргизүү аркылуу ишке ашса болот, бул учурда имараттарды оңдоонун эң жөнөкөй долбоорлору да энергияны 40% үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.


Энергияны үнөмдөө жана энергия сыйымдуулугу боюнча так аныкталган мамлекеттик максаттар менен энергияны үнөмдөө программасы аркылуу энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды интенсивдүү ишке ашыруу зарыл: мисалы, жыл сайын жалпы керектөөнү 1-3% кыскартуу.


Мындан тышкары, акыркы керектөөчүлөрдүн энергияны үнөмдөө зарылдыгы, салттуу жана альтернативдик энергия булактарын тандоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана аларды кайра жаралуучу энергияга өтүүгө шыктандырууга көңүл буруу керек.


Энергетикалык сервистик компаниялардын ишин стимулдаштыруу жана бул рынокту өнүктүрүү (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлордо) боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү да энергия сыйымдуулугун төмөндөтүүгө жана сектордун жагымдуулугун жогорулатууга жардам берет.


Өлкөнүн реалдуулугун эске алуу менен энергетикалык компаниялардын зыянсыздыгын камсыз кылуу маселеси дагы курч маселе болуп саналат.


Учурда энергетикалык компаниялардын тышкы жана бюджеттик кредиттер боюнча карызы 130 миллиард сомдон ашканын эске алуу менен, энергетика тармагын жакшыртуунун маанилүү чараларынын бири өндүрүштүк чыгымдарды жабууга негизделген тарифтик саясатты иштеп чыгуу жана этап-этабы менен ишке ашыруу болушу керек.

Андан ары министр белгилегендей, «Азыр биздин өлкөнүн энергетикасы көмүртек ташуучулардан көз каранды. Аз эмиссияга этап-этабы менен өтүү саясий эркти гана эмес, ошондой эле убакытты жана ири финансылык инвестицияларды талап кылат.


Биз бардык проблемаларды жалгыз чечүүгө аракеттенбестен, тескерисинче, өз ара кызматташтыкта бири-бирибиздин тажрыйбабызды, экономикалык пайданы алууга үйрөнүшүбүз керек деп эсептейбиз.


Кеп экономикалык өсүш жөнүндө болуп жаткандыктан, Министрлер Кабинети муну бир тараптуу жасай албайт, муну жеке сектор менен биргелешип, альтернативалуу, экологиялык жактан таза технологияларга орто жана узак мөөнөттүү инвестициялоону пландаштыруу, ошондой эле   экономиканын негизги тармактарында энергия сыйымдуулугунун төмөндөшү менен энергоэффективдүүлүктү көбөйтүү керек», - деди Д.Амангелдиев.


Ошондой эле ал белгилегендей, «мамлекет инвестиция, инновация жана изилдөө жагынан биздин өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө таянат. Ошондой эле биздин банктар жашыл өндүрүшкө өтүү жана өлкөдөгү иштеп жаткан технологияларды модернизациялоо үчүн финансылык стимулдарды сунуштайт деп ишенебиз. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз мындан ары да өлкө үчүн бул маанилүү тармакка жигердүү салымын кошо беришет”.


Ал кызыкдар мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдү энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде МЖӨ принциптери боюнча өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды.


МЖӨ боюнча министр өзүнчө эл аралык практикада инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруунун эң жагымдуу жана эффективдүү куралы катары өзүн далилдеген бул механизмди колдонууну белгиледи.


Анын айтымында, Кыргыз Республикасында долбоорлорду демилгелөө жана даярдоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлүп, бир катар карама-каршылыктар жоюлду.


Бүгүнкү күндө бир катар инвесторлор МЖӨ алкагында кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлорду, анын ичинде күн электр станцияларын, шамал электр станцияларын жана чакан ГЭСтерди түзүүнү демилгелөөгө жогорку кызыгууну көрсөтүшүүдө. Учурда МЖӨ долбоорлорунун бир катар демилгелери активдүү болууда.


Ошондой эле, стимулдардын туура түзүлүшү инвестициялык жагымдуулукту арттыраарын эске алып, биз преференциялардын туруктуу мамлекеттик системасын түзө баштадык жана туруктуу энергетиканы өнүктүрүү боюнча чараларды көрдүк.


Ошентип, жаңы Салык кодекси жашыл экономиканы жана жашыл технологияларды колдоо нормаларын камтыйт. Шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүү КНСтен бошотулган. Жер мыйзамдарына ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбачылыгындагы жоготуулардын ордун толтуруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Энергия натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар, жайлар жана курулмалар 50% өлчөмүндө мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат. Электр унааларынын аккумуляторун заряддоо үчүн электр энергиясына атайын тариф койдук.


Ушуга байланыштуу биргелешкен ишти активдештирүү, өлкөнүн потенциалын изилдөө жана инвестициялык процесске активдүү катышуу, гидроэнергетика жана энергиянын альтернативдүү түрлөрү призмасы аркылуу гана эмес, ошондой эле энергетика тармагындагы жашыл экономика чөйрөсүндө кызматташуунун башка өз ара пайдалуу багыттары боюнча да активдүү катышуу зарыл» , — деп белгиледи сөзүнүн аягында министр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу