Экономика министри менен КЭРдин «China Railway First Group Co., Ltd.» компаниясынын вице-президентинин жолугушуусунда темир жана автожолдорун куруу тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Новости
17-Март 2014-ж.
2423

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2014-жылдын 17-мартында министр Темир Сариев менен «China Railway First Group Co., Ltd.» компаниясынын вице-президенти Гуо Вей баштаган кытай делегациясынын жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө темир жана автожолдорун куруу, көмүр кенин өздөштүрүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.


Министр Т.Сариев кытай тарапка Бишкек-Кара-Балта” жана Бишкек-Токмок” альтернативалык автожолдорун, көмүр кенин иштетүүгө алып баруучу темир жолду куруу маселелерин карап чыгууну сунуштады.


КР Экономика министрлиги Кыргызстандын экономика тармагын өнүктүрүүгө чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар жана өлкөнүн аймагында компаниянын ишмердигине ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр, деп белгиледи Т.Сариев.


Белгилей кетсек, компания дүйнөнүн 500 ири компаниясынын катарындагы «China Railway Group Ltd.» мамлекеттик ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат. Ал 1950-жылы түзүлгөн, темир жана автожолдорду, көпүрөлөрдү, туннелдерди, суу техникалык жана суу электр түйүндөрүн куруу боюнча жогорку класстагы квалификацияга ээ.
""
""
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу