Экономика министрлигинде кыргыз-кытай эки тараптуу экономикалык кызматташуунун перспективаларын талкуулашты.

Новости
18-Февраль 2014-ж.
2477

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Түндүк регион аралык башкармалыктын башчысы Зайнидин Жумалиевдин жана Кытай эл республикасынын коммерция департаментинин мүдүрү жана провинциянын ишкердик чөйрөсү башында турган Цинхай провинциясынын өкүлдөр тобунун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу экономикалык кызматташуунун өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, кайра иштетүү, энергетика, минералдык ресурстарды казып чыгаруу, туризм тармактарындагы перспективаларын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын товар алмашуусу 2012-жылы 1271,6 млн. долларды, ал эми 2013-жылы 1328,7 млн. долларды түздү.
Эки мамлекеттик ортосундагы товар алмашууну талдап көрсөк, акыркы жылдарда анын туруктуу өсүшү байкалууда. 2012-жыл менен салыштырганда 2013-жылы 115% өстү.

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу