Экономика министрлигинде ата мекендик кант тармагында түзүлгөн жагдай талкууланды.

Новости
17-Февраль 2014-ж.
2571

2014-жылдын 19-февралында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кичи залында кызылча өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, кант заводдорунун, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен ата мекендик кант тармагында түзүлгөн жагдайды талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жалпысынан республика боюнча кант кызылчасын 4000 ашык фермердик чарбалар өстүрүшөт, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматтарына ылайык 7,3 миң гектарга кант кызылчасы себилген (өткөн жылдын деңгээлинен 1,2 миң гектарга жогору) жана 200 миң тоннадан ашык кызылча казып алынган.

Тросниктен алынган арзан канттын импорттолгондугуна байланыштуу атаандаштыктын кесепетинен фермердик чарбалар жана кант заводдору өз продукциясын сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Азыркы убакта канттын баасы (кызылча кантын кошкондо) аны өндүрүүдөгү чыгымдарына карабастан, республиканын ички рыногунда импорттук продукция менен аныкталып, кызылча кантын өндүрүүнү кирешесиз кылып жатат.

Бул жагдайда кызылча өстүргөн чарбаларды колдоого жана ата мекендик кант тармагын коргоого багытталган чараларды көрүүбүз зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу