“Мамлекеттик секторундагы өзгөрүүлөрдү башкаруу жана көйгөйлөрдү чечүү” темасында жалпыга лекция окулду.

Новости
13-Февраль 2014-ж.
2579

2014-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде “Мамлекеттик секторундагы өзгөрүүлөрдү башкаруу жана көйгөйлөрдү чечүү” темасында жалпыга лекция окулду. Лекцияны Франция Республикасынын Администрациялоо улуттук мектебинин профессору, мамлекеттик стратегиялык менеджментти жана адам ресурстарын башкаруу тармагындагы консультант-эксперт Жак Скворон мырза окуду.
Лекцияга Экономика министрлигинин жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Ал лекциянын жүрүшүндө, эгерде башкарууда узак убакытка чейин өзгөрүүлөр болбой туруп, бир эле убакытта бир нерсе өзгөрүп кетсе, анда адамдарда каршылыктар жана нааразычылыктар пайда болот. Бирок өзгөрүүсүз прогресс болбойт. Убакыттын өтүшү менен мыйзам актыларын өзгөртүп, кадрдык орун алмашууларды жасоо зарыл, ошол эле учурда ал өзгөрүүлөрдү адамдар өздөрү жасап жатканын унутпашы керек. Эгерде адамдар ал нерселерге каршылык көрсөтсө, анда алар мыйзамдын өзгөрүшүнө карабастан өздөрү өзгөрбөйт деп айтып өттү.

Лекциянын катышуучулары кунт коюп угуп жана мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулап жатышты. Жан Скворон өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн өзгөрүү болбой койбойт деп белгиледи жана бул болуп жаткан өзгөрүүлөр калкка жана бүтүн мамлекеттик башкаруу үчүн мынчалык оор болбошуна, андан көрө мамлекет үчүн оң натыйжа беришине жолдомо берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу