ЕАЭСтин техрегламентинин долбоорун никотин камтыган продукцияларга иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
28-Январь 2022-ж.
2157

Экономика жана коммерция министрлиги ЕАЭБ алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планынын I бөлүмүнүн 25-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-октябрындагы ЕАЭБ «Никотин камтыган продукцияга техникалык регламент» техникалык регламентинин долбоору иштелип чыккан », анын иштеп чыгуучусу Армения Республикасы болуп саналат.


ЕАЭБ ТР долбооруна ылайык, ысытылган тамеки никотин камтыган продуктылардын катарына кирет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Тараптардын Конференциясынын сегизинчи сессиясынын №22 Чечимине шилтеме берүү менен ЕАЭБтин техникалык регламентинин долбоорун жөнгө салуу объекттеринен ысытылган тамекиси бар продукцияны алып салуу боюнча сунуштары каралды. ДСУнун чечими кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ .


«Бүткүл россиялык тамеки, махорка жана тамеки буюмдарын изилдөө институту» федералдык мамлекеттик бюджеттик илимий мекемеси «Никотин камтыган продукциянын жаңы түрлөрүнө рыноктук изилдөөлөрдү жүргүзүү, жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуунун эл аралык практикасы» деген темада илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Мындай продукцияларды жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында никотин камтыган продукциянын жаңы түрлөрүнө карата милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу механизмдери боюнча сунуштарда ысытылган тамеки никотин камтыган продуктуларга классификацияланат.


Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 51-беренесине ылайык 2014-жылдын 29-майындагы Техникалык жөнгө салуунун принциптеринин бири болуп Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде бирдиктүү милдеттүү талаптарды же мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында улуттук милдеттүү талаптарды белгилөө саналат. Союздун чегинде милдеттүү талаптар белгиленет.


Азыркы учурда Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы тарабынан «Никотинди камтыган продукцияларга жана никотинди жеткирүү системаларына, анын ичинде никотинсиз толтургучтарга карата талаптар» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык техникалык регламенттин долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиянын кароосуна жиберилди.


Бул техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгууда “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жол-жоболор сакталган. Иштеп чыгуучу Кыргыз Республикасынын техникалык регламентинин долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнү “Эркин Тоо” расмий гезитинин 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 (3260) жана www.24.kg жалпыга ачык электрондук маалымат системасына 2021-жылдын 16-июлда жарыялаган. 


Министрлик ушул Мыйзамдын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы токтому менен бекитилген Техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссияны түзүү жана анын иши жөнүндө жобого ылайык техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссия түзгөн. Эксперттик комиссия “Никотинди камтыган продукцияларга жана никотинди жеткирүү системаларына, анын ичинде никотинсиз толтургучтарга талаптар” техникалык регламентинин долбоорун карап чыгып, эксперттик корутунду КР МЭК сайтында үстүбүздөгү жылдын 13-январында жарыяланган.





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу