Экономика министрлиги кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан акциянын мөөнөтүн 2014-жылдын 1-апрелине чейин узартууну сунуштайт.

Новости
29-Декабрь 2013-ж.
2334

Мамлекеттик нотариалдык конторалардагы чоң кезектерди жана мамлекеттин жарандарынан жана Жогорку Кеңештин депуттарынан түшкөн сунуштарды эске алып, кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан акциянын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Киреше жана мүлк жөнүндө декларацияны берүү мөөнөтүн 2014-жылдын 1-апрелине чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүү өтүнүчү менен КР Өкмөтүнө кайрылды.

КР Адилет министрлигинин берген маалыматы боюнча 2013-жылдын 1-июлунан 2013-жылдын 12-ноябрына чейин 133 жеке жактар же бир айда 29 ыктыярдуулар кирешелерин жана мүлктөрүн легалдаштырышкан болсо, 2013-жылдын 12-ноябрынан баштап 12-декабрына чейин 902 ыктыярдуулар же күнүнө 30 адам декларацияны толтурушкан, ушуга байланыштуу министрлик бул мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын үстүнө 2013-жылдын 12-декабрынан кийин декларанттардын санынын кескин өсүшү менен байланышкан тынчсыздануулар (ажиотаж) башталды, жыйынтыгында Бишкек шаарынын айрым аймактарында декларациянын бланктары калбай калган, ал эми 2013-жылдын 25-декабрынын абалы боюнча декларацияны республика боюнча 4222 адам бергенге үлгүрдү.

Азыркы убакта Адилет министрлиги тарабынан кошумча үч миң бланк таратылды. Мындан тышкары декларациянын бланктарына тапшырык берилген. Жылдын аягына чейин саналуу гана күндөр калды, ошол себептен көпчүлүк жарандар өздөрүнүн легалдаштыруу боюнча декларацияларын күбөлөндүргөнгө жетишпей калышат.

Ушуга байланыштуу кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу - мурдагы болгон жалпы декларациялоонун жалпы тартибинин бөлүгү жана алдын алган керектүү этап болоорун жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген легалдаштыруунун мөөнөтү бүткөндүгүн эске алып, Экономика министрлиги 2014-жылдын 1-апрелине чейин же 3 айга мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу