Министр Т. Сариев: Коррупцияга каршы туруу форумунун чечими жөн эле кабыл алынган эмес.

Новости
30-Октябрь 2013-ж.
2457

"IMGҮстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында Коорупцияга каршы туруу форумунун отуруму болду, анда 2013-жылдын 16-апрелиндеги жана 16 майындагы Коррупцияга каршы туруу форумунун чечимин аткаруу жыйынтыктары боюнча КР Энергетика министрлигинин жана Финансы министрлигинин отчеттору уктурулду.

5 ай өткөндөн кийин Коррупцияга каршы туруу форумунун чечимин жөн эле кабыл албагандыгыбызды көрүшүбүз керек. Эмнеге кол коюп, бекитип жана чечсек ошону аткарганга үйрөнүүгө убакыт келди, - деп отурумдун жүрүшүндө билдирди КР Экономика министри Темир Сариев.

Форумдун экинчи күнү Энергетика министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрүнө бир катар суроолор берилди.
Форумда КР Эсеп палатасы, МУКК ККТК, Жогорку Кеңеш, форумдун катышуучулары жана коррупцияга каршы туруу платформанын мүчөлөрү-коом өздөрүнүн көз караштарын жана корутундуларын айтышат.

Бул жолугушууда билим берүү мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Форумдун жыйынтыгында Чечим боюнча айтылгандардын баары мамлекеттин Президентинин катышуусу менен боло турган Коргоо кеңишине кароого киргизилет, ал 4-ноябрга ппландаштырылып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу