Экономика министрлиги кантты алып келүүдө мезгилдүү төлөмдөрдү киргизүү маселеси тууралуу маалымдайт.

Новости
19-Ноябрь 2013-ж.
2473

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин камыш кантын алып келүүдө мезгилдүү төлөмдөрдү киргизүү тууралуу маселеси боюнча Экономика министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген фермерлерди колдоо максатында министрлик тарабынан Кыргызстанга камыш кантын алып келүүдө мезгилдүү төлөм киргизүүнү караган Өкмөттүн токтом долбоору демилгеленген. Бул маселе Өкмөттүн деңгээлинде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине кароого Министрлик тарабынан киргизилген эмес.

Кантты керектөөчүлөр ассоциациясынын жана төлөмдү киргизүүгө каршы чыгып жаткандардын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын бажылык территориясына киргизиле турган, ак кантка мезгилдүү алынып келинүүчү (импорттук) бажылык төлөмдү бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө маселелер Бюджет жана финансы комитетинин жеке демилгеси менен каралган. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары А. Касымалиев ушул жылдын 19-ноябрында Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин кеңешмесинде белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин талкуулоосунун жыйынтыгы боюнча республикага камыш кантын алып кирүүдө мезгилдүү төлөмдү киргизбөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу