Экономика министрлиги жана Кытайдын Чыгыш, борбордук жана батыш региондору менен кызматташуу боюнча улуттук көрсөтмө зонасынын административдик комитети Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Новости
03-Декабрь 2014-ж.
2311
""""






















Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев КЭРдин Ляньюнгань шаарынын, Сюйвэй районунун Цзян Синчжоу башында турган кытай өкүлдөр тобу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Т.Сариев Кытай менен инфраструктура жана бирдиктүү ишканаларды түзүү жаатында кызматташтыктын өнүгүп жатканын жана соода мамилелеринде, инвестицияларды тартууда негизги өнөктөштөр экенин билдирип өттү.

Белгилүү болгондой эле КЭР мамлекеттик кеңешинин төр агасы Си Цзиньпинь Жибек жол экономикалык алкагын түзүү идеясын көтөргөн. Аны ишке ашыруу программасы Өкмөт тарабынан иштелип чыкты. Биз өз кезегинде Мамлекеттик кеңештин төр агасы тарабынан көтөрүлгөн программаны ишке ашырууда кытай ишкерлери менен, мамлекеттик компаниялар менен жана кээ бир провинциялар менен бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Бүгүнкү күндө Экономика министрлиги жаңы Сюйвэй району менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуга даяр - деп министр айтып өттү.

Өз кезегинде Кытайдын Чыгыш, борбордук жана батыш региондору менен кызматташуу боюнча улуттук көрсөтмө зонасынын административдик комитетинин начальнигинин орун басары Цзян Синчжоу мырза Кыргызстан бүгүнкү күндө динамикалуу өнүгүп келе жатканын белгилеп, 21-кылымдын Жибек жол экономикалык алкагын бирдиктүү куруу” стратегиялык концепциясы ишке кирип жатканын билдирип өттү. Ошондой эле Ляньюньган шаары Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттерине логистика жана топтоо (кампалоо) боюнча кызмат көрсөтөт. Бул Сюйвэйдин жаңы районунда Экономикалык алкак боюнча ишкердик, логистикалык жана өнөр-жай кызматташуу парктары менен Соода–экономикалык кызматташтыктын эл аралык зонасын куруу пландалып жатат. Ляньюнган району деңиз портторунун өнүгүшү менен абдан пайдалуу экономикалык орунга жана стратегиялык артыкчылыкка ээ. Парктын территориясында Борбордук Азиянын компанияларына акысыз жерлер берилиши пландалып жатат, деп белгиледи.

Мындан сырткары Ц. Синчжоу мырза Сюйвэй районуна келип кетүүгө чакырды.

Министр Т. Сариев мындай чакырууга ыраазычылыгын билдирип, Инвестицияларды алга жылдыруу агенттиги жөнүндө маалымдады. Ал Агенттик колдоо көрсөтөөрүн жана ата мекендик бизнесмендер, Соода өнөр-жай палатасы, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик компаниялар менен биргеликте турларды уюштурууга жардам берээрин айтып өттү.

Андан соң Кытайдын Чыгыш, борбордук жана батыш региондору менен кызматташуу боюнча улуттук көрсөтмө зонасынын административдик комитети менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу