КР Экономика министрлигинде министрдин орун басары дайындалды.

Новости
28-Октябрь 2013-ж.
2414

2013-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин № 501 буйругу менен КР экономика министринин орун басары болуп Ибраев Данил Турсунбекович дайындалды.

Бүгүн Министрликтин Чоң залында жалпы жамаатка министр Темир Сариев министрдин орун басарын тааныштырды. Ал белгилеп өткөндөй мурдараак Д. Ибраев КР Экономика министрлигинин астындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментин (монополияга каршы орган) башкарган. Ал Монополияга каршы туруу саясатынын максаттарына жетүү үчүн тажрыйбада жаңы каражаттарды колдонуп, жетиштүү түрдө эффективдүү жана корутундулуу иштеди.

Белгилүү болгондой мурдагы министрдин орун басары Олег Панкратов өзүнүн каалоосу менен бошотулган. Азыр ал КР Премьер-министринин кеңешчиси жана Бажы союз маселелери боюнча эксперт болуп эмгектенип жатат.

Д.Ибраев өз кезегинде, билдирген ишенимдерине ыраазычылыгын билдирип, О.Панкратов алып барган блоктун иши мындан ары да активдештирилет деп белгилеп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу