Мамлекеттин Парламенти тарабынан Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө Мыйзам долбоору жактырылды.

Новости
13-Ноябрь 2013-ж.

2013 - жылдын 13 - ноябрында Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы № 556 токтому менен жактырылган Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунун үч окуусунда жактырылды.

Министр Т. Сариев белгилегендей көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (мындан ары-КМШ) мүчө мамлекеттер менен экономикалык кызматташуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында болгон КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынында 8 мамлекет (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Украина) менен Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө келишимге кол коюлган. КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын чечими менен ушул Келишимди ратификациялоо боюнча жол-жоболорду тез өткөрүү зарыл деп табылган. Келишимди Россия, Беларусь, Украина, Казакстан, Молдова жана Армения ратификациялашты. Келишим ратификациялаган тараптар үчүн 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасы КМШга мүчө мамлекеттер менен 1994 -жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода жүргүзүү зонасын түзүү жөнүндөгү Макулдашуунун, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттер менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын алкагында эркин соода жүргүзүү тартиби менен ишке ашырылат.

Албетте совет мезгилинен кийинки мезгилдин шартында бул макулдашуулар өз ролун ойноду жана соода байланышынын үзүлүп кетишине бөгөт койду. Бирок, бул макулдашуулардагы бир катар соода саясатынын маанилүү маселелери боюнча координациялоо тууралуу жоболордун жоктугу убакыт өткөн сайын КМШга мүчө өлкөлөрдүн соода жүргүзүү режимдеринин айырмалана башташына алып келди. Мына ошондуктан Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу көп тараптуу жаңы Келишимге кол коюунун зарылдыгы пайда болду, ал укуктук базада болуп келген кемчиликтерди четтетет жана эркин соода зонасынын натыйжалуу иштеши үчүн КМШ мейкиндигинде соода мамилелерине жаңы дем-күч берүүчү шарттарды камсыз кылат.

Эркин соода зонасы жөнүндө макулдашууларга катышуу Кыргыз Республикасынын КМШ га мүчө өлкөлөр менен тышкы сооданы өнүктүрүүгө оң таасирин берет, алардын үлүшү өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүнүн 53,5% түзөт.

Маалымат катары:
Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 2012-жыл үчүн 4015,6 млн АКШ долларын түздү, жана 2011-жылга салыштырганда 36,8% көбөйдү. КМШ өлкөлөрүнө экспорттук берүүлөр 1126,1 млн долларды түздү жана 48,9% көбөйдү, ошондой эле импорттун келип түшүүсү 32,7% көбөйүп 2889,5 млн АКШ долларында сумманы түздү.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 7503,9 млн долларды түзгөн жана 2011-жылга салыштырганда 15,5% га (1000,5 млн долларга)өскөн, анын ичинде экспорттук берүүлөр 1927,6 млн долларды түзүп, 2011-жылдагыдан 14% аз болду, импорт- 5576,3 млн долларды түздү (өсүш 30,9% болду).

Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсү 2013-жылдын январь-сентябрь айларында 2670,6 млн долларды түздү жана 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,1 % га көбөйдү, анын ичинде экспорт 582,1 млн долларды түздү жана 6,9% кыскарды, ал эми импорт 2088,5 млн долларды түзүп 11,8% көбөйдү (Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча).

Жаңы Келишим толук бойдон Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине дал келет. Бул Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө өлкөлөр (Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Украина, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы), ошондой эле Түркмөнстандан башка бул уюмга кирүүгө даярданып жаткан башка өлкөлөр үчүн дагы принципиалдуу түрдө маанилүү.

Жаңы келишимдин оң жактарынын ичинен төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү зарыл: товарларды өз ара сатууда алымсыз режим; тараптар ДСУнун жоболорунун алкагында уруксат берилгенден башка өз ара соода жүргүзүүдө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коё албайт; тараптар ички салык жана жыйымдарга карата улуттук режимди, ошондой эле импорттолуучу товарлар үчүн ички сатууга тиешелүү мыйзамдарды жана эрежелерди колдонушат; тараптар транзитке байланыштуу бардык жыйымдарга, эрежелерге жана формалдуулуктарга карата ар кандай үчүнчү өлкөгө же ал өлкөлөрдөн транзиттик ташуу үчүн берилген режимден кем эмес ыңгайлуу режим беришет; атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык, санитардык жана фитосанитардык эрежелерди колдонуу жана субсидия берүү, техникалык жөнгө салуу ДСУнун жоболорунун алкагында жөнгө салынат.

Келишимдин алкагында товарлардын айрым түрлөрү үчүн гана белгиленген импорттук жана экспорттук алымдар боюнча алуунун саны минимумга чейин жеткирилген, жана мындан ары өлкөлөр алардын санын көбөйтпөйт.

Келишимде Кыргыз Республикасынын негизги соода -өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөн ташылып чыгуучу товарларга экспорттук алымдар боюнча эркин соода режиминен алып салууга карата Кыргыз Республикасына айрыкча жеңилдетилген шарттар калтырылды. Ошентип, Россиядан жана Казакстандан ташылып чыгуучу, экспорттук алым алынуучу товарларга карата башка көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдер менен жөнгө салуу тууралуу Россия жана Казактан менен сүйлөшүүлөргө жетишилди.

Кыргыз Республикасы Эркин соода зонасы жөнүндө Келишимге катышпай калган учурда биздин өлкө эркин соода жөнүндө региондук келишимдерден тышкары калып калышы мүмкүн, анткени ратификациялаган тараптар үчүн Эркин соода зонасы жөнүндө жаңы келишим күчүнө кириши менен мурдагы көп тараптуу макулдашуулар Келишимдин 23-статьясына ылайык күчүн токтоткон, ошондой эле убакыттын өтүшү менен эркин соода жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын күчү токтотулушу керек.

Бул барынан мурда Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө өлкөлөргө экспортко кетүүчү товарлары «үчүнчү өлкөнүн» товары катары бажы алымдары алынышына алып келет, ошондой эле Кыргыз Республикасына мисалы, Россия тараптан импорттоо үчүн зарыл болгон нефть продуктыларынан, жер семирткичтерден, металл конструкцияларынан, жыгачтан жана башкалардан дагы бажы алымдары алынат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Келишимге катышуусу экспорт жана импорт үчүн КМШга мүчө өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүүнүн колдонуудагы режимин сактап калууну камсыз кылат, бул ушул өлкөлөр менен сооданы өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Маалымат катары: Болжолдуу маалыматтар боюнча 2013-2015- жылдарда Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсүнүн орточо жылдык өсүшү 13% түзөт жана 2015-жылы республиканын КМШга мүчө өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүсү 5800 млн доллардын деңгээлине жетет, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө өлкөлөрүнө экспорттун орточо жылдык өсүшү 10,1% түзөт жана Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө өлкөлөргө экспорту 2015-жылы 1500 млн доллар деңгээлинде күтүлүүдө, импорт 14,3% орточо жылдык өсүшү менен 4300 млн долларды түзөт.

Жаңы Келишимге катышуу өлкөнүн бюджетинен финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Кол коюунун алдында ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринин 2011-жылдын 17-октябрындагы чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 175- б буйругу менен жактырылган.

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.

Онлайн кайрылуу