СМБ ата мекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатууда жана техрегламенттердин долбоорлорун даярдоодо негизги звено болушу зарыл.

Новости
23-Октябрь 2013-ж.
2325

"IMGСтандартташтыруу жана метрология борбору ата мекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатууда жана эл аралык, улуттук стандарттарга негизделе турган техрегламенттердин долбоорлорун даярдоодо негизги звено болушу зарыл.

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Экономика министринин статс-катчысы Айдай Курманова билдирди.

А. Курманова мамлекеттин стандартташтыруу боюнча улуттук органдын өзгөчө ролун белгилеп жатып, КР ЭМ астындагы СМБ илимий-техникалык прогресске түрткү берүүгө, стандарт боюнча документ болгон илимдин, техниканын жана технологиянын өнүгүүсүнүн деңгээлине ылайык стандарттарды киргизүү жана колдонуу аркылуу продукциянын, иштердин жана кызматтардын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга арналган деп айтып өттү.

Бизде бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан стандарттардын эл аралык стандарттары менен эриш-аркак келтирүүнүн деңгээли 45 %ды түзөт, ал өз убагында өнүккөн мамлекеттердин эриш-аркак деңгээлинен бир кыйла төмөн.

Эриш-аркак келтирүүнүн деңгээлинин төмөндүгүнүн негизги себеби ишкердүүлүк түзүмдөрдүн аз кызыгуусу, эл аралык жана Европалык стандарттардын тексттеринин жоктугу аларды мамлекеттик жана орус тилдерине башатташ (акыйкат) которуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болуп саналат. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан эриш-аркак болбогон стандарттар соодада "IMGтехникалык жолтоолорду жокко чыгарууга тийиштүү өлчөмдө жардам бербейт.

Стандартташтыруунун бул көйгөйлөрү көбүнесе экономиканын абалы, өндүрүп чыгаруу өндүрүштүн начар өнүгүшү жана техникалык жөнгө салуу тармагын реформалоо убактысы менен шартталган жана стандартташтыруунун алдында стратегиялык максаттарга жетүүдө потенциалдуу кармоочу фактор болуп саналат.

А. Курманова министрдин жана өзүнүн атынан куттуктап жатып “Сиздер өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелерди жөнөкөй жана адилеттүү кылып, коомдун жашоосунун бардык чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана тажрыйбалар менен бөлүшүү үчүн тоскоолдуктарды жокко чыгарасыздар”, - деп айтып өттү. Ошону менен бирге кызматчыларга чың ден соолук, бакыт таалай, бейпилдикти жана алдыга коюлган максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу