Министр Т. Сариев журналисттерди келе жаткан профессионалдуу Маалымат жана басма сөз күнү майрамы менен куттуктайт.

Новости
04-Ноябрь 2013-ж.
2771

"6af338695c3efe2b9e905d620ec09f05" Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул майрам Кыргызстанда 1993-жылдан бери жыл сайын майрамдалып келе жатат.

21-кылым - мобилдүүлүктүн кылымы, бүгүнкү күндө учурдагы коомду жалпыга маалымдоо каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди түзүүдө ар дайым негизги ролду ойнойт жана улуттук маданияттын салтын, ахлак-адептүүлүктүн, руханий жана интеллектуалдуу байлыктын жаратуучусу болуп саналат.

Ошону менен бирге журналисттик профессионалдуулуктун – ак ниеттүүлүк, калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин кармап биз чоогу адилеттүү, күчтүү мамлекетибизди курабыз деп белгилей кетким келет.
Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздердин чыгармачылык ишиңиздерге ийгилик каалоо менен ар бириңиздерге жаркын келечек, үй-бүлөлүк бакыт, элибиздин эртеңки үмүттүү келечеги үчүн талыкпаган эмгегиңиздер ийгиликтерди коштоп жүрсүн демекчимин.Ар бириңиздерге, талантыңыздар чындык менен кубаттуу, күчтүү жана үмүттүү болсун дегим келет.

Министр Т.Сариев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу