2021-жылдын 1-июлунан баштап бир катар товарларга КНСтин нөл пайыздык чени белгиленет

Новости
29-Июнь 2021-ж.
4906

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы токтому менен 2021-жылдын 1-июлунан тартып бир катар товарларга КНСтин нөл пайыздык чени белгиленгендигин маалымдайт.

Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Атап айтканда, бул чен төмөнкү товарларга тиешелүү:

- 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейинки мезгилде - кумшекерге (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майына (код 1512),

- 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилге - айыл чарба жаныбарлары үчүн: (жылкы (0101 коду), мүйүздүү ири мал (0102), чочко (0103), кой жана эчки (0104), канаттуулар (0105).

Ошентип, жогоруда аталган товарларды өлкө ичинде сатууда, ошондой эле аларды республиканын аймагына импорттоодо КНСтин нөл пайыздык чени колдонулат.

Токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу