Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар коррупцияга каршы туруу боюнча чараларды аткарып жана коррупцияга каршы чаралардын аткарылышын көзөмөлдөп туруулары зарыл.

Новости
29-Октябрь 2013-ж.
2387

"IMGЖергиликтүү мамлекеттик администрациялар коррупцияга каршы туруу боюнча чараларды аткарып жана коррупцияга каршы чаралардын аткарылышын көзөмөлдөп туруулары зарыл. Бул жөнүндө Коррупцяга каршы туруу форумунун 5-отурумунун жүрүшүндө КР Экономика министри Темир Сариев билдирди. Ал форумдун катышуучуларын “ушактарды айтпастан факттар жөнүндө гана айтуусуна” чакырды.

Коррупциялык чараларды жоюп, тункутукту камсыз кылуу үчүн Экономика министрлиги жана Коррупцияга каршы туруу ишкер кеңеши меморандумга кол коюшту.
Үстүбүздөү жылдын 30 - 31 – октябрындагы Экономика министрлигинин жана Коррупцияга каршы туруу ишкер кеңешинин эки күндүк отурумунун жүрүшүндө Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Москва районунун акиминин, айыл өкмөттөрдүн башчыларынын жана жергиликтүү кеңештин төр агасынын 2013-жылдын 26-майындагы Чечимин аткаруу жыйынтыгы боюнча отчеттору уктурулат.

Бул коррупцияга каршы форумдун Чечимине ылайык жарандардын “Жер жөнүндө” жана “Коррупцияга каршы туруу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы менен байланышкан көйгөйлөрүн жана маселелерин чечүү үчүн райондун укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик органдардын жана коррупцияга каршы туруу форумдун – коомдун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук комиссия түзүлгөн.

Жарандарды жер участогу менен камсыз кылууда, ФПС жерлерин өзгөртүүдө жана өткөрүлүп жаткан аукциондор боюнча маалымат алуу мүмкүндүктөрүндө көйгөйлөр көп. Ошол себептен бул форумда өздөрүнүн көз карашын жана корутундуларын коррупцияга каршы туруу платформанын – коомдун, Жогорку Кеңештин жана форумдун катышуучулары айтып өтүшөт.

Форумдун жыйынтыгында Чечим боюнча айтылгандардын баары мамлекеттин Президентинин катышуусу менен боло турган Коргоо кеңишине кароого киргизилет, ал 4-ноябрга ппландаштырылып жатат, - деп билдирди министр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу