“Санарип Тамга” долбоорун ишке ашыруу

Новости
24-Июнь 2021-ж.
3044

Евразия экономикалык комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы “Электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты пайдалануу жөнүндө” чечими менен электрондук документ түрүндө берилген алдын ала маалыматты колдонуу эрежелери аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тарабынан СУПТ Катчылыгынын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен мамлекеттик контролдоочу органдар менен маалымат алмашууну камсыз кылуу, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүү убактысын тездетүү максатында “Санарип Тамга”программалык камсыз кылуу пилоттук режимде киргизилген.

Аталган долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик жөнгө контролдоочу органдар менен ыкчам тартипте Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарына товар келгенге чейин ТЭИ катышуучулары тарабынан берилген алдын ала маалымат алмашууга мүмкүндүк берет, ошондой эле бардык мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан контролдоонун формаларын жана түрлөрүн колдонуу боюнча тобокелдиктерди баалоого жана чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Ушул долбоорду ишке ашыруу чек арадагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарга тышкы экономикалык иштердин катышуучулары тарабынан бажы кызматына берилген алдын-ала маалыматка, 30 күндүн ичинде, бирок товарларды автоунаа өткөрүү пункттарына келгенге чейин эки сааттан кем эмес убакытта алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул демилгени киргизүү өткөрүү пункттары аркылуу товарларды алып өтүүдө убактылуу чыгымдарды төмөндөтүү аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында “Санитарип Тамга” долбоорун этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу