2021-жылдын 23-июнунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукция жана кызмат көрсөтүү сапаты жаатындагы сыйлыктын ээлерине дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү

Новости
23-Июнь 2021-ж.
2735

2021-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциянын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, анын коопсуздугун камсыздоосу, ошондой эле сапатты башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизгендиги үчүн продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү.

Лауреаттарга жана дипломанттарга дипломдорду СМБнын директору Дюшеев Талайбек Самтыевич тапшырды.

Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы чечими менен КМШнын 2019-жылдагы сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары наамы Кыргыз Республикасынын төмөнкү уюмдарына ыйгарылды:

“250 адамга чейин иштеген тамак-аш азыктарын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү” номинациясынын лауреаты “Кыргыз Коньягы” Жоопкерчилиги чектелген коому;

“250 адамга чейин иштеген тамак-аш азыктарын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү” номинациясынын дипломанты “Эмилия” Жоопкерчилиги чектелген коому;

“250 адамга чейин иштеген кызмат көрсөтүү” номинациясынын дипломанты “Компания Манас менеджмент” Жабык акционердик коому;

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө, кошкон салымы, компетенттүү жана сапаттуу документтерди продукция жана кызмат көрсөтүү сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2019-жылдагы сыйлыгына катышуу үчүн даярдагандыгы үчүн ишканалардын адистери Стандартташтыруу жана метрология борборунун Ардак грамотасы менен сыйланышты:

- Нурматова Атыргуль Тажиковна, Кыргыз Коньягы ЖЧКсынын уюштуруу - укуктук маселелери боюнча директору;

- Алымкулова Чолпон Эмисовна, Компания Манас Менеджмент” ЖАК мед. кызматынын жетекчиси;

- Исмаилов Улан Аскарбекович, Эмилия” ЖЧКсынын башкы инженери.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу