“И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин аймагында жертөлөсү менен окуу-билим берүү корпусун куруу” МЖӨ долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендерге катышуу үчүн квалификациялык талаптар жөнүндө жарыя

Новости
23-Июнь 2021-ж.
4027

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети “И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин аймагында жертөлөсү менен окуу-билим берүү корпусун куруу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендерге катышууга бардык кызыкдар тараптарды чакырат.

Долбоор жаңы көп кабаттуу окуу-билим берүү корпусун каржылоону, долбоорлоону, реконструкциялоону, курууну жана пайдаланууну карайт. Жеке өнөктөш долбоорлоо-эскиздик документтерди даярдайт, бардык уруксат берүүчү документтерди алат, заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп берген жалпы аянты 2797 чарчы метрден кем эмес көп кабаттуу имарат (5 кем эмес) курат, эксплуатация башталгандан тартып мамлекеттик өнөктөшкө кеминде 424,4 чарчы метр бир кабат берет. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин (25 жыл) имарат толугу менен КМУнун менчигине өтөт.

Тендерге катышуу үчүн квалификациялык талаптар жана тендердин эрежелери менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышууга болот:

Квалификацияларга өтүнмө.pdf

Тендерди өткөрүү талаптары.pdf

Өтүнмөлөр 2021-жылдын 21-июлунда саат 16:00 чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Раззаков көч, 51а, №1 корпус, 125-каб, 720026.

Жооптуу: Т.О.Рыспеков тел.: +996(312)663861, +996(312)661257, эл. почта: i.arabaev@mail.ru.

Суроолор боюнча КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу МЖӨ борбору менен +996 (312) 623849 номуру аркылуу байланышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу