КР ЭФМ КЭР СУАР жана Кыргыз Республикасынын Нарын жана Ош облустарынын чек ара аймактарында эпидемияга каршы биргелешип алдын алуу жана контролдоо механизмдери талкууланды

Новости
18-Июнь 2021-ж.
2567

2021-жылдын 18-июнунда Экономика жана финансы министрлигинде кытай тарап менен мамлекеттик чек ара сызыгында контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн курамында эксперттер тобунун КЭР СУАР жана Кыргыз Республикасынын Нарын жана Ош облустарынын чек ара аймактарында эпидемияга каршы биргелешип алдын алуу жана контролдоо механизмдери долбоорун талкуулоо боюнча биринчи жолугушуусу видеоконференция форматында өттү.

Бул механизм COVID-19дун жайылышына жол бербөө үчүн тараптардын көргөн чараларынын шартында “Торугарт” жана “Иркештам” контролдук-өткөрүү пункттары аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын тездетилген түрдө өтүүсү үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт.

Кыргыз тарап инфекциялардын жана ар кандай оорулардын трансчегаралык таралышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн, Кытай тараптын сунушун айрым сын-пикирлерди эске алуу менен колдоого алды, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизди.

Мындан тышкары Кытай тараптан “Торугарт” жана “Иркештам” контролдук-өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын жана транспорт каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Өткөрүлгөн жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эпидемиянын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө, жумушчу топтордун ишин координациялоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн координациялык топту түзүү, ошондой эле көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттик контролдоочу органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жумушчу топторду түзүү тууралуу макулдашышты


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу