Кыргызстан жана Польша ортосундагы эки тараптуу товар айлануунун көбөйүшүнүн оң динамикасы байкалууда.

Новости
23-Октябрь 2013-ж.
2408

"zzz"Польшанын Варшава шаарындагы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз – польша өкмөт аралык Комсиссиясынын 3-отурумунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев чыгып сүйлөп жатып мамлекеттин Өкмөтүнүн, Комиссиянын кыргыз тарабынын жана өзүнүн атынан польша делегациясынын өкүлдөрү, отурумдун катышуучулары жана эксперттери менен саламдашып жатып, аларга жылуу кабыл алгандыгы үчүн, меймандостугуна жана өкмөт аралык Комиссиянын отурумун эң жакшы уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жатат. Албетте бул эки мамлекеттин карым катнашынын өнүгүүсүндөгү маанилүү импульсу болуп, өкмөт аралык Комиссиянын иш аракети саналат.

Эки тараптуу кызматташтыктын абалын көрсөткөн маанилүү көрсөткүч бул соода. Акыркы жылдарда Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы эки тараптуу товар айлануусунун оң динамикасы байкалууда. 2012 - жылы мурдагы жылга салыштырганда (2011-жыл) товар айлануусу 21,4 % га жогорулап 36,1 млн. АКШ долларын түздү. 2013 – жылдын январь – июлуна Кыргыз Республикасынын Польша республикасы менен товар айлануусу 23,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2012 – жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 21,7 % га жогорулады.

Аны менен бирге биздин мамлекеттердин экономикалык дарамети толугу менен пайдаланылбай жатат. Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы болгон инвестициялык жана соода-экономикалык мамилелерин кеңейтүү үчүн кошумча күч аракет жумшоо зарыл.

Белгилүү болгондой 2012-жылдан баштап Кыргызстанда 44 мамлекеттин жарандары үчүн, анын ичинде Польшанын жарандары үчүн дагы визасыз режим киргизилген. Бул кадам Польшадан Кыргызстанга инвестициялардын жана туристтердин келишин көбөйтүүгө олутту импульс болуп калат – деп министр өзүнүн ишенимин билдирди жана чет элдик инвестицияларды тартуу жана инвестициялык климатка ылайыктуу шарттарды түзүп берүү Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүүсүнө жана жардылыкты азайтуу жолунда маанилүү приоритет болуп саналаарын белгиледи.
Министр Т.Сариев Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жана «Стратегия 2030» узак мөөнөтүү туруктуу өнүктүрүү стратегиялары жөнүндө кыскача айтып өттү.

Жана ошондой эле айыл чарба, айлана чөйрөнү жана токой чарбаларын коргоо, курулуш маселелери да эки тараптуу кызматташуунун перспективалуу багыттары болуп калаарын айтты.
КР социалдык фонду жана Польша Республикасынын социалдык камсыздандыруу институтунун ортосундагы социалдык камсыздандыруу тармагында кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу мамлекеттердин ортосундагы социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы импульс болуп калат.

Мындан сырткары 2013-жылдан баштап Польшанын Стандартташтыруу боюнча комитети кыргыз адистери үчүн техникалык жөнгө салуу тармагында польша эксперттери тарабынан бир катар семинарларды өткөрүү боюнча гранттык долбоорду ишке ашырып жатат. Өнүктүрүү боюнча көп жылдык кызматташуу программасынын алкагында Польша тараптан кыргыз айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга кичи гранттар бөлүнүүдө.

Эки тараптуу мамилелердин негизги көйгөйлөрү жана перспективалары талкууланган жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөт аралык Комиссиянын кол коюуга жыйынтыктоочу Протоколу (Алуу) даярдалган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу