Бүгүн Кыргыз Республикасынын ЭФМде Кыргызстанда электрбилдерин киргизүүнүн келечеги боюнча экинчи консультациялык жана техникалык жолугушуу болуп өттү

Новости
17-Июнь 2021-ж.
2835

2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде КР БУУӨПтүн финансылык колдоосунда КР ЭФМге караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту (ЭСИИ) тарабынан уюштурулган Кыргызстанда электромобилдерин киргизүүнүн келечеги боюнча экинчи консультациялык жана жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Шаршенбекович Иманалиевдин, ЭСИИнин директору Исанов Алмаз Насирдиновичтин жана БУУӨП программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ысабекова Бактыгүлдүн катышуусунда изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында абага бөлүнүп чыгуучу газдардын көбөйүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү унаа каражаттарынын саны жана сапаты болуп саналат. Кыргыз Республикасында унаалар жылына орто эсеп менен 107,88 миллион тоннадан ашык көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Өлкөдөгү көпчүлүк коомдук унаалар жарактан чыккандыктан, аларды алмаштырууга муктаж. Коомдук автобустар жана кичи автобустар көбүнчө дизелдик отун менен иштешет, ал эми дизелдик кыймылдаткычтар көбүнчө Euro IV же андан төмөн стандарттарга гана жооп берет.

Абага бөлүнүп чыгуучу газдардын көбөйүшүн кыскартуунун пайдалуу чечими бул электромобилдерди киргизүү. Бирок, бир катар көйгөйлөр жана тоскоолдуктар бар, алардын катарына кадимки автоунааларга салыштырмалуу автоунаанын кымбат баасы, ИКК бар (ички күйүүчү кыймылдаткыч), кубаттоочу инфраструктуранын жоктугу, кубаттоочу станцияларды туташтыруу үчүн техникалык шарттарды түзүү, жалпы маалымдуулуктун жетишсиздиги калк арасында, ошондой эле бул тармакка мамлекеттин колдоосу жок.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик сектор, бизнес коомчулугу, донорлор, эксперттер жана банктар ортосунда изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына, орун алган тоскоолдуктарга сереп салуу жана электр транспортун киргизүүнү тездетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр берилди. Изилдөөнүн жыйынтыктары чыгарылып, келечекте Кыргызстандагы электр транспортун өнүктүрүү боюнча пландар жана долбоордук сунуштар талкууланды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу