“Шаардык транспортту электрлештирүү”

Новости
11-Июнь 2021-ж.
3153

2019-2020-жж. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Азия Өнүктүрүү Банкынын 50,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоосу менен “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору иштелип чыккан. 2020-жылдын 20-августунда сунуш кылынып жаткан Шаардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган.

Долбоордо 100 кубаттуулуктан 300 кВтка чейин 55 кубаттагыч менен 120 аккумулятордук электр автобустарын сатып алуу, автобус паркын модернизациялоо, кадрларды даярдоо жана потенциалын жогорулатуу каралган.

Өз кезегинде, 2020-жылдын сентябрь айында АӨБ Банктын регионалдык жетекчилигинин аталган долбоорду каржылоого макулдугун алган.

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна киргизилген, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү тарабынан АӨБ менен кошумча консультацияларды өткөрүү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Ушуга байланыштуу, Кеңеш тарабынан долбоорду кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аталган долбоор боюнча АӨБ менен кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

2020-жылдын сентябрь айынын аягында АӨБ тарабынан уюштурулган видеоконференциянын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү АӨБ менен ушул долбоордун алкагында мындан аркы кызматташуудан баш тартуу боюнча өз позицияларын билдиришкен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу