Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин эмгек жамааты Рысмендиев Алмаз Асановичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт

Новости
03-Июнь 2021-ж.
2750

2021-жылдын 2-июнунда сексен жаш курагында Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Рысмендиев Алмаз Асанович дүйнөдөн кайтты.

А.А.Рысмендиев 1964-жылдан 1978-жылга чейин комсомолдук багыттагы ар кандай кызматтарда: Кыргызстан ЛКЖСнын Ленин райондук комитетинин инструктору, Кыргызстан ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары, комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары, БЛКЖСнын Борбордук Комитетинин (Москва шаары) комсомолдук уюмдар бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи секретары болуп иштеген. 

1994-1998-жылдары А.А. Рысмендиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекцияны (Кыргызстандарт) жетектеген. Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамына татыктуу болгон.

Рысмендиев Алмаз Асановичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Стандартташтыруу жана метрология борбору туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Алмаз Асанович Рысмендиев биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

А.У. Жапаров, Д.Ш. Иманалиев, К.Б. Мукашев, М.К. Байгончоков, С.М. Рысалиев, А.А. Шамшиев, А.О. Шаршеев, Б.А. Алиев, С.М. Ахматов, Э.Т. Алишеров, Б.Н. Давлесов, Т.С. Айтбаев, О.А. Абдыкалыков, Т. Табылдиев, Ш.Э. Атаханов, Б.Ч. Жанузаков, С.Т. Искаков, А. Салымбеков, Ч. Чукубаева, Т.С. Дюшеев, М.Н. Капаров, Б.К. Шабданов, Г.К. Абдымомунова, Ж.Ж. Чапаев, Э.К. Соороноев Б.А. Нурматов, Д.А. Урманбетов, К.У. Умаров, Г.Э. Салиева, Н.Ш. Алтыбаева, С.Р. Джентаев, З. Токтокуева, Б.А. Нышанбаев, К.Ж. Жуманалиев, К.Ш. Жунушакунов, А.Т. Данияров, А.М. Курманбаев, П.З. Атаханов, С.З. Абдыкеримова, В.В. Балыкин, Д.Т. Айтмурзаева, А.Д. Баялиев, Н.А. Ботоев, А.С. Карымшаков, Г.Б. Сырдыбаева, З.А. Мусуралиева, Кыргызстандарттын жамааты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу